Жогорку Кеңеш

Төрага Нурланбек Шакиев Россиядагы расмий иш сапарынын алкагында кыргыз диаспорасынын

Төрага Нурланбек Шакиев Россиядагы расмий иш сапарынын алкагында кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда кыргызстандыктардын укуктук абалына байланышкан маселелер талкууланып, миграция жаатындагы негизги көйгөйлөр көтөрүлдү. Алгач Россия Федерациясына жасаган расмий сапары тууралуу сөз кылган Төрага Нурланбек Шакиев: “Жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар өткөрүлүп, эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Анын ичинен соода […]Читать далее

Коом

Баткен-Боз-Адыр унаа жолу оңдолууда

“Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №2 жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан азыркы тапта эски асфальтты сыйрып алуу иштери аткарылууда. Белгилей кетсек, жол оңдоо иштери апрель айында башталган. Быйыл Баткен-Боз-Адыр (Ош-Баткен-Раззаков жолунун эски багыты) унаа жолунун 195,8-207,8-чакырым аралыгын асфальттоо каралган. Жалпы 22 чакырым болгон жолдун 12 чакырымына асфальт жаткыруу иштери жай айларында жыйынтыкталат. Жер иштери бүткөн соң жаңы […]Читать далее

Коом

Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган куткаруучуларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

2023-жылдын 25-апрелинде Түркия Республикасынын Анкара шаарындагы Президенттик сарайда Түркиянын түштүк-чыгышында үстүбүздөгү жылдын 6-февралында болгон жер титирөөлөрдөн улам куткаруу иштеринде жана кырсыктын кесепеттерин жоюуда олуттуу жардам көрсөткөн чет өлкөлүк издөө-куткаруу топторуна жана дипломаттарга Мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү. Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин улук лейтенанты Темирлан Жумамүдүновго Түркия Республикасынын […]Читать далее

Министрлер кабинети

Аспиранттардын стипендиясы 30% жогорулатылат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун төрагалыгында Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны өттү. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттерине жана окуучуларына стипендиялардын өлчөмдөрүнүн белгилөө жөнүндөгү токтомго өзгөртүү киргизилди. Ага ылайык, аспирантуранын күндүзгү бөлүмүндө окутуу аркылуу жаш муундун илимий ишмердүүлүгүн активдештирүү максатында, жогорку кесиптик […]Читать далее

Коом

Ош шаарындагы мыйзамсыз курулуштардын суу жана электр энергиясы өчүрүлдү 

Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев баштаган жумушчу топ «Керме-Тоо» жана «Сулайман-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыктардын аймагында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулуш иштери менен таанышып чыгышты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Комиссиянын курамына Мамлекеттик курулуш комитетинин, архитектуранын, коммуналдык чарбанын жана башка мекеме-ишканалардын жетекчилери жана өкүлдөрү кирген. Рейддин жүрүшүндө курулуп жаткан […]Читать далее

Жогорку Кеңеш Эл аралык мамилелер

Төрага Нурланбек Шакиев Россиянын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко менен

Бүгүн, 25-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Россия Федерациясындагы расмий иш сапарынын алкагында Федералдык Жыйындын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди. Жолугушууда Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгына байланышкан актуалдуу маселелер талкууланып, анын ичинен парламенттер аралык алакаларды арттыруу тууралуу сөз болду. Төрага […]Читать далее

Эл аралык мамилелер

Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын теңтөрагалары Акылбек Жапаров менен Алексей Оверчуктун

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен видеобайланыш форматында сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын негизги маселелерин талкуулап, интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүүгө басым жасап, эки жана көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн кыска жана узак мөөнөттүү келечегин белгилешти. Мындан тышкары […]Читать далее

Жогорку Кеңеш Эл аралык мамилелер

Төрага Нурланбек Шакиев Россиянын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин менен

Бүгүн, 25-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Россия Федерациясындагы расмий иш сапарынын алкагында Федералдык Жыйындын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланды. Төрага Нурланбек Шакиев алгач расмий […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну көбөйтүү боюнча

Кыргызстанда Бишкектин Ленин жана Биринчи Май райондорундагы жаңы конуштарда балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну эки эсеге көбөйтүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылууда. Бул тууралуу КР Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева билдирди. Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2026-жылга чейин мектепке чейинки билим берүү менен камтууну эки эсеге көбөйтүү милдетин […]Читать далее

Президент

Президент күтүүсүздөн “Социалдык контракт” боюнча 100 миң алган үй-бүлөлөргө барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-апрелде, күтүүсүздөн барып, «Социалдык контракт» программасынын алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бизнес ачуу үчүн берилүүчү жөлөкпулдардын даректүүлүгүн текшерди. Мамлекет башчысы Чүй облусундагы бир катар үй-бүлөлөрдү кыдырып, мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттын кандай пайдаланылып жатканынан жеке өзү кабар алды. Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар менен болгон баарлашууда каражат даректерине толук жетип жатабы, алар чындап […]Читать далее