Төрага Нурланбек Шакиев Россиянын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту

Бүгүн, 25-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Россия Федерациясындагы расмий иш сапарынын алкагында Федералдык Жыйындын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгына байланышкан актуалдуу маселелер талкууланып, анын ичинен парламенттер аралык алакаларды арттыруу тууралуу сөз болду.

Төрага Нурланбек Шакиев узак жылдардан бери достукка жана өз ара ишенимге негизделген эки мамлекеттин мамилесин өнүктүрүү Кыргызстан үчүн артыкчылыкка ээ экенин белгилеп, өткөрүлүп жаткан жолугушуу өнөктөктөштүктү мындан ары да өрчүтүүгө өбөлгө түзөөрүнө ишеним артарын кошумчалады.

Ошондой эле парламенттер аралык байланыштарга токтолгон Жогорку Кеңештин Төрагасы: “Парламенттик дипломатия эки тараптуу мамилелерга байланышкан актуалдуу маселелерди чечүүдө маанилүү роль ойнойт. Андыктан бул жааттагы алакаларды кеңейтишибиз керек”, – деди. Муну менен катар быйыл Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү отуруму Кыргызстанда өтөрүн эске салып, бул багытта олуттуу даярдыктар көрүлүп жатканын белгиледи.

Андан тышкары, жолугушууда соода-экономикалык байланыштар тууралуу да сөз болуп, Төрага Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү боюнча учкай кеп кылды.

Өз кезегинде Россиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко эки өлкөнүн алакасы динамикалуу түрдө өнүгүп жатканын белгилеп, парламенттик диалогдун алкагында талкуулана турган негизги маселелерге токтолду. Айрыкча КМШ ПААнын жана Парламенттер аралык комиссиянын деңгээлиндеги өнөктөштүктү активдештирип, тармактык комитеттердин ортосундагы алакаларды да арттыруу керектигин билдирген Валентина Матвиенко Жогорку Кеңеш тарабынан ар дайым маанилүү демилгелер сунушталып келгенин кошумчалады. Буга көп жылдан бери ийгиликтүү ишке ашырылып келе жаткан “Шериктештик балдары” долбоорун мисал кылды.

Мындан сырткары кыргызстандык эмгек мигранттарына тиешелүү маселелерди көтөргөн Федерация Кеңешинин Төрайымы алар эки мамлекеттин экономикасына тең чоң салым кошуп жатышканын белгиледи.

Баарлашууда маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү багытындагы пикирлер да айтылып, Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Ржев шаарында ири салгылашка катышкан кыргызстандык жоокерлердин элесине арналган эстелик жакында ачылары белгилүү болду.

Жолугушуунун соңунда Жогорку Кеңештин делегациясына Федералдык Жыйындын Федерация Кеңешинин ишмердүүлүгү тааныштырылып, отурумдар өтчү залдар көрсөтүлдү.

Связанный пост