Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын теңтөрагалары Акылбек Жапаров менен Алексей Оверчуктун сүйлөшүүлөрү болду

 Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын теңтөрагалары Акылбек Жапаров менен Алексей Оверчуктун сүйлөшүүлөрү болду

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен видеобайланыш форматында сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын негизги маселелерин талкуулап, интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүүгө басым жасап, эки жана көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн кыска жана узак мөөнөттүү келечегин белгилешти.

Мындан тышкары тараптар үстүбүздөгү жылдын мартында Бишкек шаарында өткөн Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын 24-отурумунун алкагында жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылуусун карап чыгышты.

Тараптар ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин үстүбүздөгү жылдын 8-майында Россия Федерациясына боло турган расмий сапарын уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында теңтөрагалар жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө басым жасоо менен эки тараптуу мамилелердин бардык спектрин мындан ары активдештирүүнү макулдашышты.

Связанный пост