Ош шаарындагы мыйзамсыз курулуштардын суу жана электр энергиясы өчүрүлдү 

Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев баштаган жумушчу топ «Керме-Тоо» жана «Сулайман-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыктардын аймагында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулуш иштери менен таанышып чыгышты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Комиссиянын курамына Мамлекеттик курулуш комитетинин, архитектуранын, коммуналдык чарбанын жана башка мекеме-ишканалардын жетекчилери жана өкүлдөрү кирген.

Рейддин жүрүшүндө курулуп жаткан 7 көп кабаттуу үйдө мыйзам бузуулар аныкталып, суу жана электр энергиясы өчүрүлдү.

Курулуп жаткан объектилерде бардык мыйзам бузуулар жоюлуп, тиешелүү документтер даярдалгандан кийин алар аталган тармактарга кошулууга уруксат ала алышат.

Связанный пост