Төрага Нурланбек Шакиев Россиянын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту

Бүгүн, 25-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Россия Федерациясындагы расмий иш сапарынын алкагында Федералдык Жыйындын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланды.

Төрага Нурланбек Шакиев алгач расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакыргандыгы үчүн Мамлекеттик Думанын Төрагасы Вячеслав Володинге ыраазычылык билдирип, алакаларды арттырууда мындай жолугушуулардын мааниси чоң экенин белгиледи.

“Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы достукка жана өз ара ишенимге негизделген стратегиялык өнөктөштүк жылдан-жылга өнүгүп келет. Биз бардык тармактар боюнча калыптанган байланыштарды мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдарбыз”, – деген Нурланбек Шакиев Президент Садыр Жапаровдун май айынын башында Россияга пландалган расмий сапарына карата олуттуу даярдыктар көрүлүп жатканын кошумчалады.

Муну менен катар парламенттер аралык алакалар тууралуу сөз кылган Жогорку Кеңештин Төрагасы мыйзам чыгаруу органдарынын ортосундагы кызматташтыкты тармактык комитеттердин жана биргелешкен комиссиялардын деңгээлинде да өнүктүрүү маселесин көтөрдү.

Мындан тышкары, экономикалык байланыштар тууралуу сөз кылган Нурланбек Шакиев эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү өткөн жылы 3,2 млрд АКШ долларына жеткенин белгилеп: “Бирок бизде мүмкүнчүлүктөр өтө көп. Андыктан бул жаатта да кызматташтыкты кеңейтүү учур талабы”, – деди.

Анын ичинен түз аба каттамдарынын санын көбөйтүү, Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт азыктарына киргизилген чектөөлөрдү жоюу жана чек арадагы тоскоолдуктарды азайтуу зарылчылыгына токтолуп, кыргызстандыктар үчүн миграциялык саясатты жөнөкөйлөштүрүү жаатындагы сунуштары менен да бөлүштү.

Ошондой эле ар кандай себептерден улам Россиянын абак жайларында камалып жаткан кыргызстандыктарды мекенине экстрадициялоого Мамлекеттик Думанын Төрагасын көмөктөшүүгө чакырды.

Өз кезегинде Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин да байланыштар жылдан жылга кеңейип жатканын эске салып, Кыргызстанга жасалган тышкы инвестициялардын 36%ы россиялык инвесторлорго таандык экенин мисал кылды. Айрыкча кыргызстандык эмгек мигранттары өз өлкөсүнө гана эмес, Россиянын экономикасына да чоң салым кошуп жатканын айткан Мамлекеттик Думанын Төрагасы түз аба каттамдарын көбөйтүү багытындагы сунушту колдой тургандыгын белгиледи.

“Алакаларды арттырууда парламенттик кызматташтыктын да ролу чоң. Андыктан Парламенттер аралык комиссиянын ишин активдештирип, жолугушууда көтөрүлгөн маселелерди биргелешип чечүүгө аракет кылышыбыз керек”,– деди Вячеслав Володин.

 

Эскерте кетсек, жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Гуля Кожокулова, Эльдар Сулайманов, Аида Исатбек кызы, Замирбек Мамасадыков, Эмилбек Джусупов, Фархат Исмаилов, Азамат Исираилов, Жалолидин Нурбаев жана Карим Ханджеза катышты.

Связанный пост