Укук тартиби

Жашы жете элек өспүрүм кызга ыдык көрсөтүүгө шектелген жаран кармалды

Жашы жете элек өспүрүм кызга ыдык көрсөтүүгө шектелген жаран кармалды. Кылмыш иши соттун кароосуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди. Эске сала кетсек, 2023-жылдын 6-февралында Т.Н. аттуу жаран Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Кайрылуусунда 2022-жылдын декабрь айынан бери кошунасы, жашы жете элек кызына ыдык көрсөтүп жүргөнүн билдирип, чара көрүүнү өтүнгөн. Аталган […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель менен телефон

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-апрелде, Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель менен телефон аркылуу сүйлөштү. Тараптар эки жактын мамилелеринин күн тартибинде турган актуалдуу маселелерди, ошондой эле Кыргызстан менен ЕБ ортосундагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Мындан тышкары, Садыр Жапаров менен Шарль Мишель эки тараптуу жана көп тараптуу форматта боло турган иш-чаралардын графиги боюнча пикир алмашты. Тараптар […]Читать далее

Маданият Министрлер кабинети

Министрлер Кабинетинин жалпы жамааты театрдан тарыхый драма көрүштү

Министрлер Кабинетинин жыйынынан кийин Кыргыз улуттук академиялык театрынын сахнасында коюлган “Кулан” тарыхый драмасына Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жана Министрлер Кабинетинин жалпы жамааты келишти. Спектаклди Бишкек шаарына гастролдоп келген С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры койду. Спектаклден кийин сөз сүйлөгөн МинКаб Башчысы Ош драма театрынын артисттеринин талантына суктанганын билдирип, Кыргыз […]Читать далее

Укук тартиби

Милицияга кайрадан мектептерге коюлган бомба боюнча маалымат түштү

2023-жылдын 26- апрель күнү болжол менен саат 08:07 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына 51 мектеп-гимназиянын электрондук почтасына бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул факт боюнча окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБ жетекчилиги, райондук башкармалыктын ыкчам тергөө тобу жана тиешелүү кызматтар дароо жөнөп кетишти. Милиция кызматкерлери аймакты курчоого алып, окуучулар жана мектеп администрациясы […]Читать далее

Коом

Полигондогу абалга чехиялык адистер баа беришти

Бишкекте борбор калаанын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев менен HDT Impex s.r.o. жана  ReGreen s.r.o. компаниялар консорциумунун чех эксперттери полигонго барышты. Эксперттер вице-мэр менен биргеликте учурдагы кырдаалга баа берүү үчүн барышты. Ошондой эле таштандыдан чыккан өрттөрдү өчүрүү маселесин жеринде чечүү каралды. Белгилей кетсек, мамлекет башчынын, ошондой эле Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасы менен Бишкектин айланасын ууландырган жана түтүндүн […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Төрага Нурланбек Шакиев Россиядагы расмий иш сапарынын алкагында кыргыз диаспорасынын

Төрага Нурланбек Шакиев Россиядагы расмий иш сапарынын алкагында кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда кыргызстандыктардын укуктук абалына байланышкан маселелер талкууланып, миграция жаатындагы негизги көйгөйлөр көтөрүлдү. Алгач Россия Федерациясына жасаган расмий сапары тууралуу сөз кылган Төрага Нурланбек Шакиев: “Жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар өткөрүлүп, эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Анын ичинен соода […]Читать далее

Коом

Баткен-Боз-Адыр унаа жолу оңдолууда

“Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №2 жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан азыркы тапта эски асфальтты сыйрып алуу иштери аткарылууда. Белгилей кетсек, жол оңдоо иштери апрель айында башталган. Быйыл Баткен-Боз-Адыр (Ош-Баткен-Раззаков жолунун эски багыты) унаа жолунун 195,8-207,8-чакырым аралыгын асфальттоо каралган. Жалпы 22 чакырым болгон жолдун 12 чакырымына асфальт жаткыруу иштери жай айларында жыйынтыкталат. Жер иштери бүткөн соң жаңы […]Читать далее

Коом

Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган куткаруучуларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

2023-жылдын 25-апрелинде Түркия Республикасынын Анкара шаарындагы Президенттик сарайда Түркиянын түштүк-чыгышында үстүбүздөгү жылдын 6-февралында болгон жер титирөөлөрдөн улам куткаруу иштеринде жана кырсыктын кесепеттерин жоюуда олуттуу жардам көрсөткөн чет өлкөлүк издөө-куткаруу топторуна жана дипломаттарга Мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү. Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин улук лейтенанты Темирлан Жумамүдүновго Түркия Республикасынын […]Читать далее

Министрлер кабинети

Аспиранттардын стипендиясы 30% жогорулатылат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун төрагалыгында Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны өттү. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттерине жана окуучуларына стипендиялардын өлчөмдөрүнүн белгилөө жөнүндөгү токтомго өзгөртүү киргизилди. Ага ылайык, аспирантуранын күндүзгү бөлүмүндө окутуу аркылуу жаш муундун илимий ишмердүүлүгүн активдештирүү максатында, жогорку кесиптик […]Читать далее

Коом

Ош шаарындагы мыйзамсыз курулуштардын суу жана электр энергиясы өчүрүлдү 

Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев баштаган жумушчу топ «Керме-Тоо» жана «Сулайман-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыктардын аймагында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулуш иштери менен таанышып чыгышты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Комиссиянын курамына Мамлекеттик курулуш комитетинин, архитектуранын, коммуналдык чарбанын жана башка мекеме-ишканалардын жетекчилери жана өкүлдөрү кирген. Рейддин жүрүшүндө курулуп жаткан […]Читать далее