Жашы жете элек өспүрүм кызга ыдык көрсөтүүгө шектелген жаран кармалды

 Жашы жете элек өспүрүм кызга ыдык көрсөтүүгө шектелген жаран кармалды

Жашы жете элек өспүрүм кызга ыдык көрсөтүүгө шектелген жаран кармалды. Кылмыш иши соттун кароосуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, 2023-жылдын 6-февралында Т.Н. аттуу жаран Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Кайрылуусунда 2022-жылдын декабрь айынан бери кошунасы, жашы жете элек кызына ыдык көрсөтүп жүргөнүн билдирип, чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган окуя боюнча Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 158-беренесинин негизинде (ыплас аракеттер) кылмыш ишин козгогон.

2023-жылдын 25-апрель күнү жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө аракеттеринин жана кылмыш иши боюнча дайындалган укуктук экспертизалардын жыйынтыгы менен бул кылмышка шектүү 1980-жылы туулган А.М. аттуу жаран кармалып, Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 96-бересинин негизинде Сокулук РИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Ошондой эле ага карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренесинде (ыплас аракеттер) көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен айыбы угузулуп, Сокулук райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалды.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен бул кылмыш иши соттун кароосуна жөнөтүлдү.

 

Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы

Связанный пост