Полигондогу абалга чехиялык адистер баа беришти

Бишкекте борбор калаанын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев менен HDT Impex s.r.o. жана  ReGreen s.r.o. компаниялар консорциумунун чех эксперттери полигонго барышты.

Эксперттер вице-мэр менен биргеликте учурдагы кырдаалга баа берүү үчүн барышты. Ошондой эле таштандыдан чыккан өрттөрдү өчүрүү маселесин жеринде чечүү каралды.

Белгилей кетсек, мамлекет башчынын, ошондой эле Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасы менен Бишкектин айланасын ууландырган жана түтүндүн пайда болушуна өбөлгө түзгөн таштанды полигонундагы түтүнгө каршы күрөш активдүү жүргүзүлүүдө.

СССР доорунан бери таштандылар полигонго ташылып келет. Ошондон баштап ал күйүп, абаны ууландырууда.

Эми ички газдарды локализациялоо үчүн террассалоо ыкмасы менен акыркы жыйынтыкка жеткенге чейин иштер улантылат.

Бүгүнкү күндө түтүн 95% га жоюлду.

Эске салсак, борбор калаанын мэриясы чехиялык HDT Impex s.r.o. жана ReGreen s.r.o. компаниялардын консорциуму менен таштандыларды кайра иштетүү комплексин куруу боюнча биргелешкен инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча жол картасына жана  кызматташуу ниети тууралуу протоколго кол койгон.

Кол коюлган документтин алкагында борбор калаанын мэриясы, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана муниципалдык ишканалары Чехия компанияларынын консорциумуна долбоордук иш-чараларды ишке ашыруу процессине ар тараптуу жардам көрсөтүшөт.

Связанный пост