Министрлер Кабинетинин жалпы жамааты театрдан тарыхый драма көрүштү

Министрлер Кабинетинин жыйынынан кийин Кыргыз улуттук академиялык театрынын сахнасында коюлган “Кулан” тарыхый драмасына Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жана Министрлер Кабинетинин жалпы жамааты келишти.

Спектаклди Бишкек шаарына гастролдоп келген С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры койду.

Спектаклден кийин сөз сүйлөгөн МинКаб Башчысы Ош драма театрынын артисттеринин талантына суктанганын билдирип, Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык быйыл жергиликтүү маданиятты колдоо боюнча чоң программа ишке киргизилип жатканын белгиледи.

“Биздин мамлекет өнүгүүнүн ишенимдүү жолуна түшүп жатат жана азыр биздин алдыбызда маданиятты жандандыруу, Мекенин, эне тилин жана маданиятын сүйгөн кыргызстандыктардын жаңы муунун тарбиялоо милдети турат. Адамдын өзүн-өзү аңдоосун жана өзүнүн күчтүү жактарына болгон ишенимин бекемдөөгө жардам берген турмуштук баалуулуктарды сиңирүү зарыл”, – деди ал.

МинКаб Башчысы ошондой эле чай үстүндө формалдуу эмес шартта театрдын артисттери менен баарлашып, артисттердин жана алардын көркөм жетекчилеринин маселелерин укту.

 

Маалымат үчүн

Режиссер Назгүл Мырзаканова койгон Айжамал Масылбекованын “Кулан” спектаклинде башкы ролдорду Надира Сарыкова менен Айгалым Алмазбек кызы аткарды, ошондой эле Күкүн  Шатманова Күнбүбү Умайдын ролунда Ормон хандын кызынын 19-кылымдын орто чениндеги кыргыз урууларынын араздашуусунан кийин жарашуудагы ролун ойноду.

Связанный пост