Милицияга кайрадан мектептерге коюлган бомба боюнча маалымат түштү

2023-жылдын 26- апрель күнү болжол менен саат 08:07 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына 51 мектеп-гимназиянын электрондук почтасына бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факт боюнча окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБ жетекчилиги, райондук башкармалыктын ыкчам тергөө тобу жана тиешелүү кызматтар дароо жөнөп кетишти. Милиция кызматкерлери аймакты курчоого алып, окуучулар жана мектеп администрациясы эвакуацияланды.

Кийин мындай маалыматтар борбор калаанын бир катар мектептерине келип түшкөн 63,4,90,33,51,17,62,52,67,65,85, “Oxford” мектеби, Ж.Баласагын атындагы КМУ, Борбордук Азиядагы Америка Университети, Бишкек гуманитардык университети тиешелүү иштер жүргүзүлдү.

Бишкек шаарынын ИИББгы эскертет, «Бомба» жөнүндө билдирүү менен сиз коомдук коопсуздукка кол салып, уюмдардын жана ишканалардын нормалдуу ишин бузуп, укук коргоо органдарынын олуттуу күчтөрүн жана каражаттарын башка жакка буруп, конкреттүү жарандардын кызыкчылыгына зыян келтиресиз.

Сиз “бомба” (террордук акт) тууралуу жалган маалымат таратарыңыз менен кылмыш аяктаган деп эсептелет. Мындай кылмыштар ар кандай жазалышы мүмкүн: оозеки, жазуу, уюлдук телефон менен чалуу, интернет мейкиндигинде билдирүү. Көп учурда маалымат жашыруун берилет, бирок, кылмыш-жаза жоопкерчилиги үчүн кылмышкер өзү жөнүндө маалымат бердиби же жок- бул маанилүү эмес.

Связанный пост