Билим

“Акыркы коңгуроо” салтанатын өткөрүү тууралуу буйрук чыкты

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин республиканын жалпы билим берүү уюмдарында 2022-2023-окуу жылын уюшкандыкта жыйынтыктоо жана салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү убагында бүтүрүүчүлөрдүн өмүрүнүн коопсуздугун сактоо максатында буйругу чыкты. Буйрукка ылайык, “Акыркы коңгуроо” салтанаты 2023-жылдын 25-майында саат 9.00дө бардык билим берүү уюмдарында өтөт. Республиканын менчигинин түрүнө карабастан жалпы билим берүү уюмдарынын директорлоруна салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө мыйзамсыз […]Читать далее

Укук тартиби

Баткенде тинтүү учурунда үй ээлери милиция кызматкерлерине физикалык күч колдонушкан

2023-жылдын 9-майында КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы КР УКМКнын Чек ара кызматкерлери менен биргеликтеБуга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургундарынын жеке үйлөрүндө тинтүү иштерин жүргүзүшкөн. Жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жыйынтыгында Ж.Д.нын үйүнүн ичинен 36 кутуда коңшу мамлекеттин аймагынан аткезчилик жол менен алынып келинген акциздик маркасы жок 18 миң пачка тамеки табылган. […]Читать далее

Билим

Нарын облусунун жалпы билим берүү мекемелеринин директорлору үчүн окутуу башталды

Бүгүн, 10-майда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиедин катышуусунда Нарын облусунун жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору үчүн “Билим берүүдөгү натыйжалуу менеджмент” аталышындагы 2 күндүк окутуу башталды. Өз сөзүндө министр Каныбек Иманалиев билим берүүдөгү реформаларды ишке ашырууда мектеп директорлорунун орду өзгөчө экендигин белгилеп, республика боюнча директорлорду окутуунун жүрүшү мунун бирден-бир себеби экендигин билдирди. Окутуунун жүрүшүндө […]Читать далее

Билим

“Өкмөттүк акселераторлор” программасы: Үй тибиндеги бала бакчаларды ачуу боюнча окутуу

Бүгүн, 10-майда “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын “Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” долбоорунун алкагында үй тибиндеги балдар бакчаларын ачууну каалаган айымдарды окутуунун биринчи этабы башталды. Бишкек шаарынын Ленин жана Биринчи май райондорундагы мектептерде өтүп жаткан окутууга 100гө жакын айым катышууда. Алар “Мектепке чейинки […]Читать далее

Спорт

Бишкектик спортчулар “Gran Fondo Giant Kazakhstan” эл аралык веложарышында жеңүүчү

Казакстанда велоспорт сүйүүчүлөр жана ардагерлер арасында “Gran Fondo Giant Kazakhstan” эл аралык веложарыш өттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын сайтында маалымдалды. Велосипед жарышы эки дисциплина боюнча өттү –  20 км аралыкка жеке жарыштын башталышы жана бардык категориялар боюнча тайпалык жарыштын башталышы. Жалпысынан 200дөн ашык спортчу, Кыргызстандын спорт мектебинен 6 велоспортчу катышты. Мелдештер ички жана сырткы […]Читать далее

Коом

Баткен облусунун ишкердик субъекттерине берилген бюджеттик кредиттерди эсептен чыгаруу боюнча

Бүгүн, 10-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине берилген бюджеттик кредиттерди эсептен чыгаруу жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Бул тууралуу КРнын ЖКнин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди. Жыйында баяндама жасаган Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Айсара Абдибаева […]Читать далее

Коом

Кыргызстан менен БАЭ 200 МВттык күндүн нурунан электр энергиясын алуучу

Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Abu Dhabi Future Energy Company PJSC – Masdar (Бириккен Араб Эмираттары) компаниясынын өкүлдөрү Өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча улук менеджери Мохамед Асаад Тахер жана Инвестициялар боюнча менеджери Камалиев Диастын кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Тараптардын жолугушуусунун негизги максаты буга чейинки түзүлгөн келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Masdar компаниясы […]Читать далее

Коом

Кыргыз сомуна – 30 жыл!

1993-жылдын 10-майында улуттук валюта – сом жүгүртүүгө киргизилген. Ал өлкөнүн бүтүндөй аймагында расмий төлөм каражатына айланган. Мындай кадам көз карандысыз мамлекетти түптөө жолунда маанилүү баскыч катары экономикалык көз карандысыздыктын пайдубалын бекемдөөгө өбөлгө түзгөн. Улуттук валютаны жүгүртүүгө киргизүү өлкөбүздүн экономикалык саясатты көз карандысыз жүргүзүүгө, Улуттук банктын акча-кредит саясатын өз алдынча жүргүзүүсүнө негиз болгон. Өзүнүн валютасын жүгүртүүгө […]Читать далее

Укук тартиби

“Кыял” мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык схемалар аныкталды

КР УКМК тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн максаттуу иштердин жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу “Кыял” элдик кол өнөрчүлүктүн улуттук бирикмеси” мамлекеттик ишканасынын имараттарында мыйзамсыз сатуу жана ижарага берүү боюнча туруктуу коррупциялык схемалар аныкталды. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында “Кыял” МИнин кызмат адамдары жана жооптуу кызматкерлери жеке баюу максатында базардын […]Читать далее

Коом

Борбор калаада ысык суу 22-майдан 22-июнга чейин өчүрүлөт

Борбор калаада ысык суу 22-майдан 22-июнга чейин өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Өчүрүү жыл сайын профилактикалык тейлөө үчүн жана жылуулук тармактарын жана жылуулук керектөө системаларын жылытуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоо максатында жүргүзүлөт. Сууну өчүрүү боюнча тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.Читать далее