Баткенде тинтүү учурунда үй ээлери милиция кызматкерлерине физикалык күч колдонушкан

2023-жылдын 9-майында КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы КР УКМКнын Чек ара кызматкерлери менен биргеликтеБуга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургундарынын жеке үйлөрүндө тинтүү иштерин жүргүзүшкөн.

Жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жыйынтыгында Ж.Д.нын үйүнүн ичинен 36 кутуда коңшу мамлекеттин аймагынан аткезчилик жол менен алынып келинген акциздик маркасы жок 18 миң пачка тамеки табылган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган аткезчилик жүктүн алдын ала суммасы 1 миллион 800 миң сомду түзөт.

Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган үйлөрдүн жашоочулары «Ж.Д.», «Ж.Я.» жана “Ж.Ж.” тинтүү учурунда табылган контрабандалык жүктөрдү жашыруу максатында укук тартибин камсыз кылуучу милиция кызматкерлерине катуу каршылык көрсөтүп, физикалык күч колдонушкан. Натыйжада айрым милиция кызматкерлери ар кандай деңгээлдеги жеңил дене жаракаттарын алышкан.
Бул факты боюнча Баткен районунун ички иштер бөлүмү тарабынан Кара-Бак айылынын 3 тургунуна КР Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренесинин 2-бөлүгү (Бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү) негизинде кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

КР УКМК Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аткезчилик менен алектенгендер, ага тиешеси бар адамдар статусуна жана социалдык абалына карабастан мыйзамдын чегинде жоопкерчиликке тартылаарын эскертет.

Связанный пост