Кыргызстан менен БАЭ 200 МВттык күндүн нурунан электр энергиясын алуучу станция куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу маселелерин карады

Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Abu Dhabi Future Energy Company PJSC – Masdar (Бириккен Араб Эмираттары) компаниясынын өкүлдөрү Өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча улук менеджери Мохамед Асаад Тахер жана Инвестициялар боюнча менеджери Камалиев Диастын кезектеги жолугушуусу болуп өттү.
Тараптардын жолугушуусунун негизги максаты буга чейинки түзүлгөн келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Masdar компаниясы 200 МВттык күндүн нурунан электр энергиясын алуучу станция куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу маселелерин карады.
Мындан тышкары аталган долбоор боюнча күн станциясын Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Нарын облустарындагы жер участокторуна жайгаштыруу боюнча иликтөө иштери каралууда.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча компаниянын өкүлдөрү тарабынан долбоордун техникалык параметрлерин изилдөө үчүн ушул жылдын май айынын ортосунда компаниянын техникалык адистери Кыргыз Республикасына келээри жөнүндө чечим кабыл алынды.
Эске салсак, буга чейин министр Таалайбек Ибраевдин Абу-Дабиге болгон жумушчу сапарынын алкагында Абу-Даби өкмөтүнө таандык инвестициялык Masdar компаниясы менен 200 МВТтык күндүн нурунан электр энергиясын алуучу станция куруу боюнча документке кол коюлган.
Түзүлгөн келишимдин негизинде 4 ай “Masdar” компаниясы изилдөө иштерин жүргүзүшөт. Андан соң июнь айында станцияны куруу келишимине толук кандуу кирише баштайт.
План боюнча станция 2025-жылы колдонууга берилет.

Связанный пост