“Кыял” мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык схемалар аныкталды

 “Кыял” мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык схемалар аныкталды

КР УКМК тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн максаттуу иштердин жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу “Кыял” элдик кол өнөрчүлүктүн улуттук бирикмеси” мамлекеттик ишканасынын имараттарында мыйзамсыз сатуу жана ижарага берүү боюнча туруктуу коррупциялык схемалар аныкталды.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында “Кыял” МИнин кызмат адамдары жана жооптуу кызматкерлери жеке баюу максатында базардын ишкерлеринен жана соодагерлеринен системалуу түрдө мыйзамсыз акча чогултуу схемасын уюштуруп алышкандыгы аныкталды.
Сот органдарынын чечиминин негизинде тинтүү иштери жүргүзүлүп, мыйзамсыз ижарага берүү үчүн акча чогултуунун далилдери табылып, ошондой эле “Кыял” МИнин коммерциялык-өндүрүштүк жайларын расмий каттоосуз 12 миң АКШ долларына мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды.
Кылмыш ишинин алкагында тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, мамлекетке келтирилген чыгымдын так суммасы аныкталууда.
Ошондой эле, мындан сырткары соода жайларын жабдууда өрт коопсуздугунун талаптарын бузуу фактылары аныкталды.
Маалымат үчүн: 2021-жылдын күз айларында өрт коопсуздугунун бузулушунан улам “Кыял” базарында өрт чыгып, жалпы өрттүн аянты 100 чарчы метрди түзүп, 17 павильон күйүп кеткен.
Чогулган далилдерди эске алуу менен “Кыял” МИнин мурдагы директору А.Э.Э., базардын контролерлору О.У.А., Н.у.Н. жана Ж.у.А., ошондой эле аталган коррупциялык схемага тиешеси бар адамдар А.А.А. жана А.Э.М. кармалып, КР УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда коррупциянын башка көрүнүштөрүн, ошондой эле бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, тиешелүү текшерүүлөр дайындалды.

Связанный пост