Бишкектик спортчулар “Gran Fondo Giant Kazakhstan” эл аралык веложарышында жеңүүчү болушту

Казакстанда велоспорт сүйүүчүлөр жана ардагерлер арасында “Gran Fondo Giant Kazakhstan” эл аралык веложарыш өттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын сайтында маалымдалды.

Велосипед жарышы эки дисциплина боюнча өттү –  20 км аралыкка жеке жарыштын башталышы жана бардык категориялар боюнча тайпалык жарыштын башталышы. Жалпысынан 200дөн ашык спортчу, Кыргызстандын спорт мектебинен 6 велоспортчу катышты.

Мелдештер ички жана сырткы туризмди өнүктүрүү, сергек жашоо образын жайылтуу, катышуучулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу, велоспортту өнүктүрүү жана жайылтуу максатында өткөрүлүүдө.

Уюштуруучулар: Жетисуу районунун акимиаты, Жетисуу районунун Велоспорт федерациясы бейөкмөт уюмдары жана «Гран Фондо – KZ» ЖЧКсы.

Велосипед спортун сүйүүчүлөр жана ардагерлер арасындагы «Gran Fondo Giant Kazahstan» эл аралык веложарышынын жыйынтыгы:

Эркектер арасында жаш категориясы:

Дядичкин Александр – 2-орун жана жалпы эсепте 3-орунду ээледи.

Кыздар арасында жаш категориясы:

Березовская Евгения – жалпы эсепте 2-орун жана 3-орун.

Связанный пост