Бүгүн, 10-майда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиедин катышуусунда Нарын облусунун жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору үчүн “Билим берүүдөгү натыйжалуу менеджмент” аталышындагы 2 күндүк окутуу башталды. Өз сөзүндө министр Каныбек Иманалиев билим берүүдөгү реформаларды ишке ашырууда мектеп директорлорунун орду өзгөчө экендигин белгилеп, республика боюнча директорлорду окутуунун жүрүшү мунун бирден-бир себеби экендигин билдирди. Окутуунун жүрүшүндө […]Читать далее
Бүгүн, 10-майда “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын “Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” долбоорунун алкагында үй тибиндеги балдар бакчаларын ачууну каалаган айымдарды окутуунун биринчи этабы башталды. Бишкек шаарынын Ленин жана Биринчи май райондорундагы мектептерде өтүп жаткан окутууга 100гө жакын айым катышууда. Алар “Мектепке чейинки […]Читать далее
Казакстанда велоспорт сүйүүчүлөр жана ардагерлер арасында “Gran Fondo Giant Kazakhstan” эл аралык веложарыш өттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын сайтында маалымдалды. Велосипед жарышы эки дисциплина боюнча өттү – 20 км аралыкка жеке жарыштын башталышы жана бардык категориялар боюнча тайпалык жарыштын башталышы. Жалпысынан 200дөн ашык спортчу, Кыргызстандын спорт мектебинен 6 велоспортчу катышты. Мелдештер ички жана сырткы […]Читать далее
Бүгүн, 10-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине берилген бюджеттик кредиттерди эсептен чыгаруу жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Бул тууралуу КРнын ЖКнин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди. Жыйында баяндама жасаган Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Айсара Абдибаева […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Abu Dhabi Future Energy Company PJSC – Masdar (Бириккен Араб Эмираттары) компаниясынын өкүлдөрү Өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча улук менеджери Мохамед Асаад Тахер жана Инвестициялар боюнча менеджери Камалиев Диастын кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Тараптардын жолугушуусунун негизги максаты буга чейинки түзүлгөн келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Masdar компаниясы […]Читать далее
1993-жылдын 10-майында улуттук валюта – сом жүгүртүүгө киргизилген. Ал өлкөнүн бүтүндөй аймагында расмий төлөм каражатына айланган. Мындай кадам көз карандысыз мамлекетти түптөө жолунда маанилүү баскыч катары экономикалык көз карандысыздыктын пайдубалын бекемдөөгө өбөлгө түзгөн. Улуттук валютаны жүгүртүүгө киргизүү өлкөбүздүн экономикалык саясатты көз карандысыз жүргүзүүгө, Улуттук банктын акча-кредит саясатын өз алдынча жүргүзүүсүнө негиз болгон. Өзүнүн валютасын жүгүртүүгө […]Читать далее
КР УКМК тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн максаттуу иштердин жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу “Кыял” элдик кол өнөрчүлүктүн улуттук бирикмеси” мамлекеттик ишканасынын имараттарында мыйзамсыз сатуу жана ижарага берүү боюнча туруктуу коррупциялык схемалар аныкталды. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында “Кыял” МИнин кызмат адамдары жана жооптуу кызматкерлери жеке баюу максатында базардын […]Читать далее
Борбор калаада ысык суу 22-майдан 22-июнга чейин өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Өчүрүү жыл сайын профилактикалык тейлөө үчүн жана жылуулук тармактарын жана жылуулук керектөө системаларын жылытуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоо максатында жүргүзүлөт. Сууну өчүрүү боюнча тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.Читать далее
Ош шаарындагы “Семетей” кинотеатрында “Азия чыгармачыл айымдарынын” коомдук фонду тарабынан, акын Жусуп Турусбековдун кызы, советтик кыргыз режиссёр айымы Лиля Турусбекованын 90 жылдыгына карата Кыргызстан айым-режиссёрлорунун V Кинофоруму өтөт. Кинофорум Швейцария өкмөтүнүн, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин каржылык колдоосу, Ош мамлекеттик университетинин жана Ош шаардык мэриясынын көмөгү менен өткөрүлүүдө. Кинофорумга Кыргызстан, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-майда, банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу банк кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Быйыл улуттук валютабыздын – кыргыз сомунун колдонууга киргизилишинин 30 жылдыгы белгиленүүдө. 1993-жылы советтик мезгилден кийинки өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан биринчилерден болуп улуттук валютаны жүгүртүүгө чыгарып, өз алдынча акча-кредиттик саясат жүргүзүүгө […]Читать далее