Ошто Кыргызстан айым-режиссёрлорунун V Кинофоруму өтөт

 Ошто Кыргызстан айым-режиссёрлорунун V Кинофоруму өтөт
Ош шаарындагы “Семетей” кинотеатрында “Азия чыгармачыл айымдарынын” коомдук фонду тарабынан, акын Жусуп Турусбековдун кызы, советтик кыргыз режиссёр айымы Лиля Турусбекованын 90 жылдыгына карата Кыргызстан айым-режиссёрлорунун V Кинофоруму өтөт.
Кинофорум Швейцария өкмөтүнүн, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин каржылык колдоосу, Ош мамлекеттик университетинин жана Ош шаардык мэриясынын көмөгү менен өткөрүлүүдө.
Кинофорумга Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан Республикаларынан келген 14 айым-режиссёрлордун көркөм жана даректүү тасмалары көрсөтүлөт. Кинофорумдун алкагында Түштүк Корея, Түркия жана Казакстандан келген киночулар тарабынан мастер-класстар, семинарлар, ата мекендик кинематографисттердин катышуусунда талкуулар уюштурулат.
Кинофорум 11-12-13-14-май күндөрү өткөрүлөт.
Программа боюнча бул күндөрү:
– 11-майда, Ош мамлекеттик университетинин Башкы корпусунда ачылыш аземи өтөт. Ошол эле күнү түштөн кийин Түркиядан, Кореядан жана Казакстандан келген кинематографисттердин мастер-класстары болот.
– 12-майда “Семетей” кинотеатрында Кинофорумдун 14 катышуучусунун тасмалары күн бою көргөзүлүп, талкуулар уюштурулат. Жаш айым-режиссёрлор көрүүчүлөр менен жолугушат.
-13-май күнү Кинофорумдун салтанаттуу жабылыш аземи болот. Жабылыш аземинде мыкты деп табылган тасманын режиссеруна кийинки долбоору үчүн “Азия чыгармачыл айымдарырын” коомдук фонду тарабынан техникалык колдоо сертификаты берилет. Мындан сырткары Кинофорумда артыкчылык көрсөткөн режиссёрлорго жана башка катышуучуларга дипломдор ыйгарылат.
-14-майда, иш-чаранын төртүнчү күнүндө “Семетей” кинотеатрында Кинофорумдун алкагында режиссёр Жаңыл Жусупжандын “Үркөр, үркөр, үч жылдыз, үркүп кайда барасың” аттуу даректүү тасмасынын бетачары болот.
Даректүү тасма Кыргызстан менен Франциянын орток өндүрүшүнүн негизинде тартылган.

Связанный пост