Коом

Ошто эт сатуучу дүкөндөргө рейд жүрдү

Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаевтин жетекчилиги астында монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, ветеринардык башкармалыктын адистери менен биргеликте шаардын борбордук базарынын айланасындагы эт сатуучу дүкөндөрдү кыдырып, абалы менен жеринен таанышып чыгышты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Мында шаардагы уй, кой жана жылкы эттеринин бааларына мониторинг жүргүзүлүп, этке болгон бааны […]Читать далее

Аймак

Ош облусунда 15 бала бакча курулууда

2023-жылга карата облустун билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган 41 жаңы мектеп, 15 бала бакча жана 3 спорт залдын курулуш иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу КРнын Президентинин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты. Ош облусунда билим берүү чөйрөсүн кеңейтүү, өнүктүрүү жана балдардын бакубаттуулугун жакшыртуу багытында натыйжалуу иштер аткарылууда. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев […]Читать далее

Коом

Жети-Өгүздө жер титиреди

Бүгүн Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 14:00дө өлкө аймагында, очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титиреди. Жердин силкинүүсү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга, Барскоон, Тосор айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее

Коом

Бишкектин жерге мунапыс берүү боюнча комиссиясына 2 миңге чукул арыз

“Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына  жана “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2022-жылдын 31-майындагы № 291 “Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө” токтомуна  ылайык, Ленин районунун акими Мураталы Абдыкадыровдун  төрагалыгы алдында Жерге мунапыс берүү боюнча комиссиянын кезектеги отуруму өттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Ленин райондук комиссиясы тарабынан жер тилкелери боюнча […]Читать далее

Президент

“Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Кыргыз Республикасында “Санариптик Кыргызстан 2019–2023” санариптик трансформациялоо концепциясын жана Концепцияны ишке ашыруу боюнча “Жол картасын” жүзөгө ашыруунун алкагында санариптик трансформациялоо жана санариптик экономиканы активдүү өнүктүрүү, ошондой эле бардык тармактарга жана чөйрөлөргө, биринчи кезекте мамлекеттик башкарууга заманбап маалыматтык-коммуникациялык […]Читать далее

Билим

9-11-класстын окуучулары беш предмет боюнча аттестациядан өтөт

Билим берүү жана илим министрлигинин “Кыргыз Республикасынын негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча 2022-2023-окуу жылында жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын өткөрүү жөнүндө” буйругуна ылайык, жалпы билим берүү уюмдарында алардын тибине жана менчигинин түрүнө карабастан учурдагы окуу жылы 2023-жылдын 25-майында аяктайт. 9-класстын окуучулары 2-19-июнь күндөрү 5 предметтен, анын ичинен 4 милдеттүү жана 1 тандоо боюнча аттестациядан […]Читать далее

Коом

Токтогул ГЭСинин гидроагрегаттары реконструкциядан өтөт

Токтогул ГЭСинин гидроагрегаттары реконструкциядан өтөт. Бул тууралуу КРнын Энергетика министрлиги маалымдайт. Учурда, бир агрегаты жасалып 60 МВт кубаттуулук кошулду. Жылдын аягында дагы бир агрегат реконструкция болуп дагы 60 МВт кубаттуулук кошулат. 2024-2025-жылдары калган 2 агрегат жасалып, жалпы 240 МВт кубаттуулук кошулат. Натыйжада, Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1440 МВт жетет.Читать далее

Президент

Финансы пирамидасын жарнамалоо ири өлчөмдөгү зыян келтирүү менен коштолсо 200

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2023-жылдын 5-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Бул Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин жоболорун актуалдаштыруу жана ири өлчөмдөгү зыян келтирүү менен финансы пирамидасын ачык айкын, массалык маалымат каражаттарын жана интернет-ресурстарын колдонуу менен жарнамалоо […]Читать далее

Коом

Жарандар мындан ары салык салууну токтотуу үчүн пайдаланылбаган транспорт каражаттарын

Мамлекеттик салык кызматы транспорт каражаты менчик укугуна таандык болгон жана укукту күбөлөндүрүүчү документи бар адам транспорт салыгын төлөөчү болуп саналаарын маалымдайт. МСКнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, салык органдары транспорт каражатына салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча иштерди туруктуу негизде жүргүзүүдө. Анын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (“Унаа”) маалымат базасында транспорттун бар экендигин текшерип, салык төлөө зарылдыгы […]Читать далее

Коом

Бишкектин тургундарына көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн 300 миң сом айып

Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы эки жумадан бери шаардын аймагында көрктөндүрүү эрежелерин сактабаган фактылар боюнча рейд өткөрдү. Бул тууралуу боробор калаанын мэрияснынын басма сөз кызматы билдирди. Бир айга жарыяланган жамааттык  ишембилике карабастан, менчик ээлери болгон бардык юридикалык жана жеке жактар тараптан шаар аймактарын тазалоонун, жашыл зоналарды коргоонун тартибин аныктаган тышкы көрктөндүрүү жаатындагы […]Читать далее