Токтогул ГЭСинин гидроагрегаттары реконструкциядан өтөт

Токтогул ГЭСинин гидроагрегаттары реконструкциядан өтөт. Бул тууралуу КРнын Энергетика министрлиги маалымдайт.

Учурда, бир агрегаты жасалып 60 МВт кубаттуулук кошулду. Жылдын аягында дагы бир агрегат реконструкция болуп дагы 60 МВт кубаттуулук кошулат. 2024-2025-жылдары калган 2 агрегат жасалып, жалпы 240 МВт кубаттуулук кошулат.
Натыйжада, Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1440 МВт жетет.

Связанный пост