Бишкектин тургундарына көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн 300 миң сом айып пул салынды

Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы эки жумадан бери шаардын аймагында көрктөндүрүү эрежелерин сактабаган фактылар боюнча рейд өткөрдү. Бул тууралуу боробор калаанын мэрияснынын басма сөз кызматы билдирди.

Бир айга жарыяланган жамааттык  ишембилике карабастан, менчик ээлери болгон бардык юридикалык жана жеке жактар тараптан шаар аймактарын тазалоонун, жашыл зоналарды коргоонун тартибин аныктаган тышкы көрктөндүрүү жаатындагы ченемдерди жана талаптарды бузгандар катталган.

Биз 832 чарбалык субъектини текшердик. Объекттин айланасында тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 114-беренесине ылайык, 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин айып салынат, жалпысынан 300 миң сомго 30 протокол түзүлгөн.

– Гагарин көчөсү 70 боюнча чектеш аймакта тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн И.Т.Самаков;
– Токомбаев көчөсүндөгү контейнер аянтынан таштандыларды өз убагында чыгарбаганы үчүн «БишкекВторРесурс» ЖЧКсы;
– Ахунбаев көчөсү, 202 дарегиндеги жанаша жайгашкан аймакта тазалык жана тартип сакталбагандыгы үчүн Керимова М.Э.;
– Тоголок Молдо, 3/1 дарегинде чектеш аймакта тазалыкты жана тартипти сактабаганы үчүн №7 Үй-бүлөлүк медицина борбору.
– Сүйөркулов көчөсүндөгү жанаша жайгашкан аймакта тазалык жана тартип сакталбагандыгы үчүн Шаардык перинаталдык борбору;
– Чектеш аймакта тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн Файзиева М.Д.;
– Т.Молдо көчөсү, 1 дарегине  жанаша жайгашкан аймакта тазалык жана тартип сакталбагандыгы үчүн НЦоМиД;
– 6-кичирайондогу №12 үйдүн жанындагы контейнерден таштандыларды өз убагында чыгарбаганы үчүн «БишкекВторРесурс» ЖЧКсы;
– 114-беренесине ылайык,  көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн Жашыл чарба ишканасы;
– Безымянная көчөсү, №4/1 дарегиндеги контейнердик аянтчанын таштандыларын өз убагында чыгарбаганы үчүн «БишкекВторРесурс» ЖЧКсы.
– 7-кичи район №49/1 дарегиндеги көрктөндүрүү  эрежелерин бузгандыгы үчүн «Ак жол» гараждык кооперативи;
– Аул көч. №10а/5 ООО Ломбард “Элдик Капитал” көрктөндүрүү  эрежелерин бузгандыгы үчүн;
– Тимирязев көчөсүндөгү  Макро Курулуш ЖЧКсы чектеш аймакта тазалыкты жана тартипти сактабаганы үчүн;
– Л.Толстой, 1 дарегиндеги ГСК “Приборист” жакшыртуунун эрежесин бузгандыгы үчүн;
– Киев көчөсү, 148 дарегиндеги «БишкекПарк» ЖЧКсы;
– Алтымышев көчөсүндөгү, 147 көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн «Магнат» дүкөнү;
– Матросов көчөсү, 1 дарегиндеги  көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн «Зеберджет» ЖЧКсы;
– Матросов көчөсү, 1а дарегиндеги «Эксперт – Логистик БР» ЖЧКсы;
– Жумабек көчөсү, 173 дарегиндеги «Роял Констракшн» ЖЧКсы;
– Чыңгыз Айтматов проспектисинин 82/3 «Кыргыз Каганат» ЖЧКсы;
– Чүй проспектиси 285 дарегинде жайгашкан «Абдыкеримов Модернстрой» ЖЧКсы.

Связанный пост