Жарандар мындан ары салык салууну токтотуу үчүн пайдаланылбаган транспорт каражаттарын каттоодон чыгара алышат

 Жарандар мындан ары салык салууну токтотуу үчүн пайдаланылбаган транспорт каражаттарын каттоодон чыгара алышат

Мамлекеттик салык кызматы транспорт каражаты менчик укугуна таандык болгон жана укукту күбөлөндүрүүчү документи бар адам транспорт салыгын төлөөчү болуп саналаарын маалымдайт.

МСКнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, салык органдары транспорт каражатына салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча иштерди туруктуу негизде жүргүзүүдө. Анын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (“Унаа”) маалымат базасында транспорттун бар экендигин текшерип, салык төлөө зарылдыгы жөнүндө билдирүү жиберүү менен рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Бирок, текшерүүнүн жүрүшүндө транспорт каражаты катталган жаран белгилүү бир себептерден улам иш жүзүндө ээси болбогон же мүлктү колдонбогон учурлар кездешүүдө. Мисалы, ишеним кат менен сатып жиберилген, жол кырсыгына учурагандыктан же эскилигинен улам колдонулбай калган.

Бирок ошол эле учурда мындай транспорт каражаты “Унаа” мекемесинин маалымат базасында катталган жана салык салынууга тийиш, бул транспортту колдонбогон жарандар үчүн кыйынчылыктарды жаратууда.

Белгилей кетсек, жарандар транспорт каражатын мамлекеттик каттоону убактылуу токтотууга укуктуу. Бул үчүн алар ырастоочу документти (паспорт) көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу органга (Унаа) транспорт каражатын каттоону убактылуу токтотуу жөнүндө арыз менен кайрылышы керек.

Ыйгарым укуктуу орган жарактуулук мөөнөтүн көрсөтүү менен мамлекеттик каттоону убактылуу токтотуу жөнүндө маалымкат берет. Унааны каттоо убактылуу токтотулгандан бери үч жыл өткөндөн кийин анын эсептен чыгарылганы тууралуу маалымат базага киргизилет.

Ал эми транспорт каражатын ишеним кат аркылуу сатып алган жарандар аны мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана каттоого туруу үчүн ыйгарым укуктуу органга кайрылууга тийиш.

Ушуга байланыштуу, Салык кызматы транспорт каражаты наамына катталган, бирок өзү ээлик кылбаган бардык жарандарды мүлккө мындан ары салык салууну токтотуу үчүн каттоодон чыгаруу мүмкүнчүлүгүн колдонууга чакырат.

Связанный пост