Ошто эт сатуучу дүкөндөргө рейд жүрдү

Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаевтин жетекчилиги астында монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, ветеринардык башкармалыктын адистери менен биргеликте шаардын борбордук базарынын айланасындагы эт сатуучу дүкөндөрдү кыдырып, абалы менен жеринен таанышып чыгышты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Мында шаардагы уй, кой жана жылкы эттеринин бааларына мониторинг жүргүзүлүп, этке болгон бааны жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле эт сатуучу дүкөндөрдүн санитардык абалы текшерилип, талаптагыдай абалга келтирүү боюнча көрсөтмөлөр берилди.

Андан сырткары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн адистери тарабынан эттин баалары боюнча маалымат баракчалары көрүнүктүү жерге коюлбаган сатуучуларга эскертүү берди.

Связанный пост