Бишкектин жерге мунапыс берүү боюнча комиссиясына 2 миңге чукул арыз түштү

 Бишкектин жерге мунапыс берүү боюнча комиссиясына 2 миңге чукул арыз түштү

“Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына  жана “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2022-жылдын 31-майындагы № 291 “Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө” токтомуна  ылайык, Ленин районунун акими Мураталы Абдыкадыровдун  төрагалыгы алдында Жерге мунапыс берүү боюнча комиссиянын кезектеги отуруму өттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ленин райондук комиссиясы тарабынан жер тилкелери боюнча 55 материал каралып,анын ичинен 4 жер тилкеси Бишкек шаарынын мэриясынын жеке турак жай куруу жана шаар куруу департаменти менен тактап иштеп чыгуу үчүн жберилген, 18 материалга жер участогуна жеке менчик укугу ыйгарылган. 33 материал жалпы тизме менен жер тилкесинин чек арасын аныктоо жана  шаар куруу корутундусун иштеп чыгуу үчүн «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесине жиберилди.

Учурда Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу жана шаар куруу департаменти тарабынан документтерди кабыл алуу иштери уланууда.

Бүгүнкү күндө 1885 арыз кабыл алынган.

Связанный пост