Борбор калаанын мэриясы таштанды таштоочу жайдын бир бөлүгүндө пайда болгон түтүндү толугу менен өчүрдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 12-апрелде волонтерлор да процесске кошулуп, чоң колдоо көрсөтүштү. Бул жаңы технологияларды, атап айтканда, технотация ыкмасын колдонуунун аркасында мүмкүн болду. Азыр алар полигондун аймагын иретке келтирүүнү улантышууда, ошондой эле полигондун бардык периметрине тосмо […]Читать далее
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында ИИМдин жана УКМКнын атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери куралдуу террористти кармоо операциясын өткөрүштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Кармоо учурунда террорист катуу куралдуу каршылык көрсөттү. Бирок, ИИМдин жана УКМКнын атайын багыттагы бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан куралдуу террорист жок кылынды. Окуя болгон жерде ИИМдин жана УКМКнын жетекчилери бар. Учурда тергөө ыкчам […]Читать далее
Чүй дарыясында балыктардын өлгөндүгүнө байланыштуу балыктын патологиялык материалдарын жана суунун
Чүй дарыясында балыктардын өлгөндүгүнө байланыштуу КР АЧМнин Сокулук райондук ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери жеринде балыктын патологиялык материалдарын жана суунун үлгүлөрүн алышкан. Бул тууралуу КРнын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Белгилей кетсек, балыктын калдыктары Төмөнкү Чүйдөн түшкөн каналдан байкалган. Балыктын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн бардык материалдар Республикалык ветеринардык лабораторияга тапшырылды. Жыйынтыгы 3 күндөн кийин белгилүү […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызмат өтөө учурунда каза болгон учурда бериле турган компенсациялык төлөм берүү маселесин изилдеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. “Бул тема акыркы убакта коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Компенсация суммасы бюджетке оорчулук келтирбей тургандай жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй бүлөлөрүнө колдоо болгудай кылып […]Читать далее
16-май күнү Өзбекстандын Самарканд шаарында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Башкаруучу Кеңешинин кезектеги жылдык отурумунда “КР Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардагы уран калдыктарын рекультивациялоо” долбоору боюнча 23 млн. евро каражат жумшала турган гранттык келишимге кол коюлду. Бул тууралуу КРнын ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ортосунда түзүлгөн […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бокс боюнча Дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болгон спортчу Мунарбек Сейитбек уулуну жеңиши менен куттуктады. “Бул жолу Мунарбек Сейитбек уулун кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан коло медаль жеңип алышы менен куттуктайм! Бул Кыргызстандын жаңы тарыхында бокс боюнча дүйнө чемпионатындагы биринчи байгелүү орун. Мушкерибиз көпчүлүккө Союз маалында атагы алыска кеткен кыргыз бокс мектебинин […]Читать далее
Бүгүн, 16-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Баку шаарындагы башкы кеңсесине барды. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди. Алгач Төрага Жогорку Кеңеш тарабынан белек кылынып, башкы кеңсенин аймагына тигилген кыргыз боз үйүнүн ачылышына катышты. Боордош мамлекеттердин парламенттеринин башын кошкон Ассамблеянын кеңсесине кыргыз […]Читать далее
МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Эл аралык “Айтыш Төр” теледолбоорунун жеңүүчүлөрүнө
Кыргыз Ресрубликасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Эл аралык “Айтыш Төр” телесынагынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сертификаттарды тапшырды. Министрлер Кабинетинин Төрагасы өз сөзүндө “Манас” үчилтиги жана “айтыш” өнөрү ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргендигин белгиледи. “Өткөн жылы Мамлекет башчысы “Манас” театрын ачкан болсо, бүгүнкү күндө бул театрда 100дөн ашуун дастанчы, […]Читать далее
Өзбекстандын Самарканд шаарында башкаруучулар кеңешинин 32- Жылдык жыйыны жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын бизнес форуму өтүүдө. Бул тууралуу КРнын Финансы минимтрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Байсалов башында турган делегация катышууда. Жылдык жолугушуунун алкагында КР Финансы министринин орун басары Р.Татиков менен ЕРӨБ Борбор Азиядагы башкаруучу директору Жужанна […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы “Берекет Универсал” соода комплексинин аймагында жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө контрафакттык тамекини сатуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн бардыгы болуп 2 миң 818 куту тамеки жана бир жолу колдонулуучу электрондук тамекинин 685 бирдиги тартып алынды. Ишкерлерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт. Мамлекеттик […]Читать далее