Майлуу-Суудагы уран калдыктарын зыянсыздандыруу боюнча гранттык келишимге кол коюлду

 Майлуу-Суудагы уран калдыктарын зыянсыздандыруу боюнча гранттык келишимге кол коюлду

16-май күнү Өзбекстандын Самарканд шаарында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Башкаруучу Кеңешинин кезектеги жылдык отурумунда “КР Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардагы уран калдыктарын рекультивациялоо” долбоору боюнча 23 млн. евро каражат жумшала турган гранттык келишимге кол коюлду. Бул тууралуу КРнын ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ортосунда түзүлгөн келишимге Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана аталган банктын Ядердик коопсуздук департаментинин директору Бальтазар Линдауэр кол коюушту.

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарындагы уран калдыктарын рекультивациялоо” боюнча долбоор “Борбор Азиядагы жана Кыргыз Республикасындагы экологиялык калыбына келтирүү операциясын жүргүзүү” боюнча КР Өкмөтү жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашуусунда демилгеленген.

Долбоордун алкагында 16 уран калдыктарын зыянсыздандыруу, 4 уран калдыктарын сактаган жайды коопсуз жерге көчүрүү жана уран өндүргөн мурдагы ишкананын эски имараттарынын бузуп зыянсыздандыруу каралган.

Связанный пост