Чүй дарыясында балыктардын өлгөндүгүнө байланыштуу балыктын патологиялык материалдарын жана суунун үлгүлөрүн алынды

 Чүй дарыясында балыктардын өлгөндүгүнө байланыштуу балыктын патологиялык материалдарын жана суунун үлгүлөрүн алынды

Чүй дарыясында балыктардын өлгөндүгүнө байланыштуу КР АЧМнин Сокулук райондук ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери жеринде балыктын патологиялык материалдарын жана суунун үлгүлөрүн алышкан. Бул тууралуу КРнын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, балыктын калдыктары Төмөнкү Чүйдөн түшкөн каналдан байкалган.
Балыктын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн бардык материалдар Республикалык ветеринардык лабораторияга тапшырылды. Жыйынтыгы 3 күндөн кийин белгилүү болот .
Министрлик өлүмдүн себептери аныкталганга чейин аймактын тургундарын балык жегенден баш тартууну суранат.

Связанный пост