Чүй облусунун Дмитриевка айылында ИИМдин жана УКМКнын атайын бөлүктөрү тарабынан куралдуу террорист жок кылынды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында ИИМдин жана УКМКнын атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери куралдуу террористти кармоо операциясын өткөрүштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кармоо учурунда террорист катуу куралдуу каршылык көрсөттү. Бирок, ИИМдин жана УКМКнын атайын багыттагы бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан куралдуу террорист жок кылынды. Окуя болгон жерде ИИМдин жана УКМКнын жетекчилери бар. Учурда тергөө ыкчам тобу иштеп жатат. Аталган операция боюнча кошумча маалымат берилет

 

СҮРӨТ ИНТЕРНЕТТЕН АЛЫНДЫ

Связанный пост