2023-жылдын январь-апрель айларында 26155 жаранга пенсия дайындалып чектелди. Бул тууралу КРнын Срциалдык фонду маалымдады. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2023-жылдын январь-апрель айларында 26155 жаранга пенсия чектеди. Ошонун ичинде 2023-жылы апрель айында 4601 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1109 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын 16-майынан тартып айдын аягына чейин «Арча-Бешик» жаңы конушуна жана Селекция, 105-район, Салкын-Тоор, Төмөнкү Орок, Сары-Өзөн, Плодовое, Калтар айылдарына таза суу чектөө менен берилет. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирет. «Арча-Бешик» жаңы конушунда Д.Садырбаев-Семетей (Орок айылын карай жол)-Арча-Бешик-Күйүков көчөлөрү менен чектешкен жерде саат 15:00дөн 07:00гө чейин таза суу берилет. Калган убакта […]Читать далее
Чүй облусунун Сокулук райондук Ички иштер бөлүмүнүн балдар иштери боюнча инспекциянын кызматкерлери жай мезгилинин жакындашына байланыштуу бир катар көлмөлөр жайгашкан айылдардагы жергиликтүү калк арасында сууга түшүү эрежелерин сактоо боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу КРнын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу райондун аймагында кооптуу болгон көлмөлөрдө сууга түшүүнү каалагандардын саны өсүүдө. […]Читать далее
КР УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында, Өзгөн РИИБнин жана Жалал-Абад облусу боюнча Баңгизат менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлеринин ичинен түзүлгөн кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, КР ИИМнин аталган эки аймактык бөлүмүнүн айрым ыкчам кызматкерлери карапайым жарандардан узак убакыт бою “опузалап талап кылуу” схемасын уюштурушкан, алар башка карапайым жарандарды, негизинен жаш кыздарды, коркутуп-үркүтүү […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К.Б.Базарбаев Эл аралык HelpAge International уюмунун өкүлү Кристофер Хейнс менен Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандарды социалдык жактан колдоо маселелерин талкуулады. Анын айтымында, HelpAge International дүйнөнүн 60 өлкөсүндө иш алып барат. «Биздин уюм улгайган адамдарга өз укуктары үчүн күрөшүүгө жардам берет. Биз Кыргызстанда 15 жылга жакын убакыттан бери иштеп […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда, мамлекеттик сапар менен Кытай Эл Республикасына жөнөп кетти. Мамлекет башчысы сапардын алкагында «Кытай-Борбор Азия» саммитине да катышат. Ушул жылдын 18-майынан 20-майына чейин созула турган сапардын жүрүшүндө КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландаштырылууда. Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча кызматташтыкты […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин 70 жылдык мааракесине байланыштуу куттуктоо кат жолдоду. «Сизди 70 жылдык мааракеңиз менен чын дилимден куттуктайм! Боордош Казакстан дүйнөлүк коомчулукта кадыр-баркын арттырып, өнүгүү жолуна түшкөнү бизди абдан кубандырат. Сиздин даанышман жетекчилигиңиз менен Казакстан Республикасында жүргүзүлүп жаткан пландуу жана комплекстүү реформалар ийгиликтүү ишке ашып, өлкөнүн коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык […]Читать далее
Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу 12-июнда Бишкек-Медина багыты боюнча Сауд Араб Падышалыгынын Медина шаарына учуп кетишет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. Ар бир учуучу топто 672 ажы сапар алып, аларды 15 ажы башчы коштоп бармакчы. Ал эми ажылардын акыркы тобу 21-июнда Ош-Жидда багыты боюнча САПка жөнөп кетишет. Быйыл Кыргызстандык ажылардын саламаттыгына 20 дарыгер көз […]Читать далее
Дмитриевка айылында ок атышуу катталып, анда айрым басылмалар медресени курчап алды делген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. “Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында ок атышуу катталып, анда айрым басылмалар медресени курчап алды делген маалыматты таратышууда. Бул маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын расмий маалымдайбыз. Окуя Дмитриевка айылындагы «Зулкарнайн» кыздар медресеси менен айыл […]Читать далее
Дмитриевка айылындагы атышуудан күч органдарынын эки кызматкери жаракат алды. Бул тууралуу eltr.kg сайтына КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, алардын бири амбулатордук турдө медициналык жардам алды. Ал эм экинчиси санына жарат алып, Улуттук госпиталга жаткырылат. Окуя болгон жерде Чүй облусунун тез жардам кызматынын 4 бригадасы күзөттө турат.Читать далее