Салык кызматы Бишкекте 2,8 миң куту контрафакттык тамеки сатуу фактысын аныкташты

 Салык кызматы Бишкекте 2,8 миң куту контрафакттык тамеки сатуу фактысын аныкташты

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы “Берекет Универсал” соода комплексинин аймагында жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө контрафакттык тамекини сатуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн бардыгы болуп 2 миң 818 куту тамеки жана бир жолу колдонулуучу электрондук тамекинин 685 бирдиги тартып алынды.

Ишкерлерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Мамлекеттик салык кызматы акциздик маркаларсыз тамекилерди жүгүртүүгө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаза каралгандыгын эскертет. Алсак, маркаланбаган продукциянын 500 бирдигине чейин жүгүртүүдө 65 миң сом өлчөмүндө айып салынат, маркаланбаган продукциянын 500 жана андан ашык бирдиги үчүн 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

Связанный пост