Укук тартиби

УКМК: «Каракол» аэропортунун жетекчилигине карата кылмыш иши козголду

КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан «Каракол» аэропортунун жетекчилигине карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Каракол» аэропортунун кызмат адамдары жеке кызыкчылыгын көздөп, аэропорттун атайын техникасын жана жабдууларын, баалуу металлдарды чыгарып алган адамдарга мыйзамсыз сатып жибергендиги аныкталган. […]Читать далее

Медицина

Улуттук госпиталда кан тамыр ооруларын диагностикалоо жана дарылоо үчүн заманбап

Улуттук госпиталда кан тамыр ооруларын диагностикалоо жана дарылоо үчүн заманбап ангиографиялык комплекс пайдаланууга берилди. Бул тууралуу КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Бүгүн, 2023-жылдын 18-майында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Улуттук госпиталда өткөн алдыңкы ангиографиялык комплексти ачуу жана ишке киргизүү аземине катышты. Кан тамыр ооруларын диагностикалоого жана дарылоого арналган жаңы жабдуулар өлкөбүздүн […]Читать далее

Коом

Жети-Өгүздө 100 орундуу бала бакчанын курулушу башталды

Жети-Өгүз районунун Даркан айылында 100 орундуу бала бакчанын пайдубалына капсула салынды. Бул тууралуу Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүктөн маалымдашты. Жаңыдан курулушу башталган билим уясынын түптөлүшүнө Жети-Өгүз район жетекчиси, Даркан айыл аймагынын жетекчилиги, айыл тургундары катышышты. 100 орунга ылайыкташтырылып салынып жаткан бала бача республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы баасы 66 млн. сомдон ашык акча каражаты керектелет. Бакчаны куруу […]Читать далее

Коом

Чаек айылындагы күрөш залынын курулушу бүттү

Чаек айылындагы күрөш залынын курулушу бүттү. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлиги маалымдады. Машыгуу залы КР Финансы министрлиги аркылуу каржыланып, Нарын облусунун Жумгал районунун өнүктүрүү Фонду тарабынан ишке ашырылды. Долбоордун жалпы суммасы 21,9 млн сомду түзөт. Анын ичинен: – КР Финансы министрлиги аркылуу каржыланган сумма – 18,7 млн сом; – Чаек айылынын өкмөтүнүн өздүк салымы – […]Читать далее

Коом

Келечек конушунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Келечек конушунда 100 орундуу бала бакча курулууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады. Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Келечек конушуна бала бакча курууда. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси бир кабатуу, жер участогунун жалпы аянты – 0,44 га, ал эми жайдын аянты-1314,14 чарчы метрди түзөт. Имаратта оюн бөлмөсү, буфет, ашкана, таркатма бөлмө, […]Читать далее

Коом

Бишкекте канализациялык коллектордун курулушу уланууда

Бишкекте канализациялык коллектордун курулушу уланууда. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады. “Бишкек шаарынын суу менен камсыз кылуу жана  реабилитациялоо” долбоорунун II фазасынын алкагында канализациялык коллектордун курулушу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Жаңы түтүк шаардын түштүк жана батыш тарабындагы канализация системасын Бишкектеги саркынды сууларды тазалоочу жай менен байланыштырат. Шаардын түштүк-батыш тарабындагы социалдык объектилерди, жеке жана […]Читать далее

Коом

Төө-Ашуудагы тоннель аркылуу унаалардын өтүүсүнө маал-маалы менен чектөө киргизилет

Төө-Ашуудагы тоннель аркылуу унаалардын өтүүсүнө маал-маалы менен чектөө киргизилет. Бул тууралуу КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы маалымдады. Төө-Ашуудагы К. Көлбаев атындагы тоннелдин электр чубалгылары алмаштырылып, дубалдарын актап, сырдоо иштери жүрөт. Мындан улам 19-майдан тарта аталган тоннель аркылуу унаардын өтүүсүнө маал-маалы менен чектөө киргизилип турат. Ага ылайык, эртең мененки саат 05:00дон 08:00го чейин, 10:00дон 12:00го чейин, […]Читать далее

Коом

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматкерлери үчүн атайын 2

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматкерлери үчүн атайын 2 күндүк окуулар болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады. Бул окууларынын негизги максаты тергөөнүн бүгүнкү шарттын бардык талаптарына жооп бере тургандай кылып, тергөөнүн сапатын, тергөөчүлөрдүн билим деӊгээлин ар тараптуу жогорулатуу болуп саналат. Бул окутуулар “Таза тергөө” деген аталышындагы бул […]Читать далее

Президент Саясат

Президент Садыр Жапаров Кытай Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 18-майда, Кытай Эл Республикасына (КЭР) болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Сиань шаарында КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту. Жолугушуунун алдында Садыр Жапаровду Ардактуу кароол ротасы салтанаттуу түрдө тосуп алды. Эки өлкөнүн лидерлери учурашып, Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик желектеринин алдында сүрөткө түшкөндөн кийин сүйлөшүүлөр залына өтүштү. Кыргыз-кытай эки тараптуу жана көп […]Читать далее

Экономика

Майдан тартып бардык ишкерлер электрондук эсеп-фактураны колдонушу керек

2023-жылдын май айынан тартып бардык салык төлөөчүлөр электрондук эсеп-фактураны колдонууга милдеттүү экендигин Мамлекеттик салык кызматы маалымдайт. Эсеп-фактураны колдонуу боюнча жаңы талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги токтому менен киргизилген. Эми бардык салык төлөөчүлөр Салык кызматынын маалыматтык системасында катталып, электрондук эсеп-фактураны тариздеши керек. Бул талаптар контролдук-кассалык машинаны (ККМ) колдонуу менен иш жүргүзгөн жана патенттин негизинде […]Читать далее