Дмитриевка айылында ок атышуу катталып, анда айрым басылмалар медресени курчап алды делген маалымат чындыкка дал келбейт

 Дмитриевка айылында ок атышуу катталып, анда айрым басылмалар медресени курчап алды делген маалымат чындыкка дал келбейт
Дмитриевка айылында ок атышуу катталып, анда айрым басылмалар медресени курчап алды делген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
“Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында ок атышуу катталып, анда айрым басылмалар медресени курчап алды делген маалыматты таратышууда. Бул маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын расмий маалымдайбыз. Окуя Дмитриевка айылындагы «Зулкарнайн» кыздар медресеси менен айыл өкмөттүн ортосундагы имараттарда катталган. Ал эми медресенин студенттери коопсуз жайга көчүрүлүп, бул жаатта тиешелүү органдар иш алып барууда. Андыктан Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы жалпыга маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн такталган маалыматтарды гана таратууга чакырат”, – деп муфтияттан билдиришти.

Связанный пост