Өзгөн РИИБнин жана Жалал-Абад облусу боюнча Баңгизат менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери кармалды

 Өзгөн РИИБнин жана Жалал-Абад облусу боюнча Баңгизат менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери кармалды

КР УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында, Өзгөн РИИБнин жана Жалал-Абад облусу боюнча Баңгизат менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлеринин ичинен түзүлгөн кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, КР ИИМнин аталган эки аймактык бөлүмүнүн айрым ыкчам кызматкерлери карапайым жарандардан узак убакыт бою “опузалап талап кылуу” схемасын уюштурушкан, алар башка карапайым жарандарды, негизинен жаш кыздарды, коркутуп-үркүтүү жана шантаж жолу менен алардын кылмыштуу иш-аракеттерине тартышкан. Бул схема зордуктоо же баңгизатты колдонууга азгыруу фактылары боюнча кылмышка тартылган жарандардан жасалма арыз материалдарын алуудан турган. Андан ары текшерүүгө жамынып, кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деп коркутуп, жабырлануучуларды “акчасын төлөп берүүгө” мажбурлашкан. Бирок иш жүзүндө, текшерүү фактысын жашыруу үчүн жабырлануучуларга карата кайрылуулар процессуалдык каттоодон өткөн эмес.
Өзгөн РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук тергөөчүсү, милициянын улук лейтенанты А.Н.Б. жана Жалал-Абад облусу боюнча Баңгизат менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери милициянын майору Ж.Т.К. жана милициянын капитаны М.С.Ж. 2023-жылдын 30-апрелинде, кармалгандарга карата жасалма ыкчам-иликтөө иш-чаралары, камакка алуу жана суракка алуу түрүндөгү иш-чараларды өткөрүп, маселени оң тарапка чечип берүү үчүн үч жарандан 250 миң сом алышкан.
Мындан сырткары, жасалган кылмыштын далилин жашыруу максатында 2023-жылдын 4-майында мыйзамсыз кармоо жана жасалма ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жаткан учуру жазылып алынган жарандык объектиден көзөмөл камерасынын бекитилген диски мыйзамсыз алынган.
Ушул жылдын 12-майында КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте Ош облусунун Өзгөн районунун жана Өзгөн районунун Куршаб айылдык милиция бөлүмүнүн имаратында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжасында кылмыштуу аракеттерди тастыктаган маалыматтар алынган.
Көрсөтүлгөн милиция кызматкерлери кармалып, КР Юстиция министрлигине караштуу ЖАКнын №25 тергөө абагына камакка алынды.

Связанный пост