Сугат иштерине байланыштуу айрым айылдарга суу үзгүлтүк менен берилет

 Сугат иштерине байланыштуу айрым айылдарга суу үзгүлтүк менен берилет

Үстүбүздөгү жылдын 16-майынан тартып айдын аягына чейин «Арча-Бешик» жаңы конушуна жана Селекция, 105-район, Салкын-Тоор, Төмөнкү Орок, Сары-Өзөн, Плодовое, Калтар айылдарына таза суу чектөө менен берилет. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

«Арча-Бешик» жаңы конушунда Д.Садырбаев-Семетей (Орок айылын карай жол)-Арча-Бешик-Күйүков көчөлөрү менен  чектешкен жерде саат 15:00дөн 07:00гө чейин таза суу берилет.  Калган убакта ичүүчү суу үзгүлтүк менен берилет.Селекционное, 105-район, Салкын-Тоор, Төмөнкү Орок, Сары-Өзөн, Плодовое, Калтар айылдарында саат 07.00дөн 13.00гө чейин таза суу берилет. Калган убакта ичүүчү суу үзгүлтүккө учурайт.

Борбор калаанын мэриясы калкты жана мекемелерди ичүүчү суу камдап алууну суранат.

Связанный пост