Сокулук районунда сууга түшүү эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

 Сокулук районунда сууга түшүү эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
Чүй облусунун Сокулук райондук Ички иштер бөлүмүнүн балдар иштери боюнча инспекциянын кызматкерлери жай мезгилинин жакындашына байланыштуу бир катар көлмөлөр жайгашкан айылдардагы жергиликтүү калк арасында сууга түшүү эрежелерин сактоо боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу КРнын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу райондун аймагында кооптуу болгон көлмөлөрдө сууга түшүүнү каалагандардын саны өсүүдө. Буга байланыштуу, Сокулук райондук милиция кызматкерлери кырсыктарды болтурбоо максатында жергиликтүү тургундарга сууга түшүү эрежелерин сакталышын эскертишти.
Сууга түшүү эрежелерин жана шарттары бар гана айрым көлмөлөрдө түшүүгө болоорун айтышып, кооптуу аймактарда сууга түшүүгө тыюу салууну жеткиришти. Мындан тышкары, милиция кызматкерлери сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелерин камтыган атайын белгилерди илишти.
Милиция эл көп чогулган жерлерде коомдук тартипке көз салып, алдын алууну улантууда.

Связанный пост