Майдан тартып бардык ишкерлер электрондук эсеп-фактураны колдонушу керек

 Майдан тартып бардык ишкерлер электрондук эсеп-фактураны колдонушу керек

2023-жылдын май айынан тартып бардык салык төлөөчүлөр электрондук эсеп-фактураны колдонууга милдеттүү экендигин Мамлекеттик салык кызматы маалымдайт.

Эсеп-фактураны колдонуу боюнча жаңы талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги токтому менен киргизилген.

Эми бардык салык төлөөчүлөр Салык кызматынын маалыматтык системасында катталып, электрондук эсеп-фактураны тариздеши керек.

Бул талаптар контролдук-кассалык машинаны (ККМ) колдонуу менен иш жүргүзгөн жана патенттин негизинде салык төлөгөн же бирдиктүү салыктын негизинде нөлдүк ставканы колдонгон салык төлөөчүлөргө (жылдык кирешеси 8 млн сомдон ашпаган) тиешелүү эмес. 

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-июлунан тартып электрондук эсеп-фактураны КНС төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар, 2022-жылдын 1-апрелинен тартып жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчүлөр тарабынан милдеттүү түрдө колдонулат.

Электрондук эсеп-фактураны колдонуу ишкерлер менен салык органдарынын, ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн ортосундагы өз ара байланышты кыскартат. Бул бизнести көмүскөдөн чыгарууга өбөлгө болуучу жана салык салуу процессин жөнөкөйлөтүүчү курал болуп саналат.

Связанный пост