Кыргызстандык спортчулар Айпери Медет кызы жана Үзүр Жусупбеков Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам оюндарынын финалына чыкты. Айпери Медетбек кызы жарым финалда түркиялык балбанды 10:0 эсебинде жеңди. Спортчу 76 кг салмак категориясында күч сынашууда. Ал эми Үзүр Жусупбеков 97 кг салмакта беттешип, жарым финалда ирандык балбан менен күч сынашты. Финалдык беттештер саат 21:30да башталат.Читать далее
Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча алтын медалдын ээси болду. Айсулуу Тыныбекова алгач эле 1/4 финалдан баштап, казакстандык спортчуну жеңген. Жарым финалда сенегалдык балбан кыз менен беттешип, 10:0 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алган. Ал эми финалдык беттеште гвинеялык спортчу менен кез келип, 11:0 эсебинде жеңишти камсыздады. Белгилей кетсек, […]Читать далее
Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында Кыргызстандын эки спортчусу жарым финалга чыкты. Бул тууралуу КР Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова жана эркин күрөш боюнча курама команданын мүчөсү Эрназар Акматалиев оюндардын жарым финалына чыкты. Тыныбекова 65 кг салмакта, ал эми Акматалиев 65 кг […]Читать далее
8-9-августта 2008-2009-жылкы өспүрүмдөр арасында жайкы Спартакиада өттү Бул иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти жана Октябрь райондук администрациясы тарабынан уюштурулду. Мелдеш спорттун 6 түрүн өзүнө камтып, эки күн аралыгында балдарга майрамдык маанай тартуулады. Иш-чаранын негизги максаты балдарды сергек жашоого жана дене тарбия, спорт менен машыгууга үндөө, балдар арасында достук […]Читать далее
Кечээ, 10-августта Бишкекте өткөн Eagle Fighting Championship (EFC 49) лигасынын турниринин алкагында аралаш мушташ боюнча кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу россиялык мушкер Расул Магомедов менен беттешип, жеңилип калды. 5 раунддун жыйынтыгы менен калыстар чемпиондук титулду Расул Магомедовго ыйгарышты. Эскерте кетсек, Бусурманкул Абдубаит уулу 2021-жылы EFC`нин жеил салмактагы жаы чемпиону болгон.Читать далее
Аксы районунда 5 спорт зал жана 4 кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу райондук администрациядан билдирди. Маалыматка ылайык, тактап айтканда Кызыл-Капчыгай, Мукур, Кашка-Суу, Райкомол айылында жана Кербен шаарында 5 спорт залдын курулушу жүрүп жатат, жакынкы күндѳрү пайдаланууга берүү алдында турат. Ошондой эле Ак-Жол, Жаны-Жол, Кашка-Суу айылдарында 4 кичи футбол аянтчалары дагы курулууда. Белгиленгендей, спорттук […]Читать далее
Түп районунун Тасма айылында жаны күрөш залы курула баштады. Бул тууралуу Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан билдиришти. Маалыматка ылайык, имараттын пайдубалына капсула салуу аземине Ысык-Көл облусунун башчысынын биринчи орун басары У.Далиев, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун техникалык адиси К.Усубалиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Курулуш толугу менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунан каржыланат. Жалпы тендердик баасы 10 […]Читать далее
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, калаадагы бардык МАБдарда балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Графикке ылайык, Ош шаарындагы Жапалак айыл аймагында балдар жана өспүрүмдөр арасында спорттук иш-чаралар уюштурулду. Мындан тышкары, балдарга суусундуктар жана таттуулар, балмуздактар таратылды. Бул иш-чараларга катышуу үчүн калктын аз камсыз […]Читать далее
Россиянын Москва облусунда Патриот паркындагы Эл аралык армия оюндар музейинде “АрМИ-2022” оюндарынын алкагында өтүүчү “Танк биатлону” боюнча мелдешке катышуучу командалар жана танк экипаждары чүчү кулак кармады. КР Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасы жашыл түстүү гильзаны алып, Россия, Кытай жана Беларустун командалары менен бир тайпага түштү. Ата мекендик […]Читать далее
Россиянын Владивосток шаарында өткөн “Азия балдары” эл аралык спорт оюндарына катышкан кыргызстандык спортчулар кайтып келишти. Бул тууралуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы билдирди. Маалыматка ылайык, кыргызстандыктар спорттун 5 түрү боюнча катышып, 8 медаль жеңип алышкан: – ок атуу – 1 алтын, 1 – күмүш, 1 – коло; – таэквондо WTF – 1 күмүш; 1 […]Читать далее