Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпионатында алгачкы атаандашын мөөнөтүнөн мурда жеңип алды

 Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпионатында алгачкы атаандашын мөөнөтүнөн мурда жеңип алды

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алгачкы атаандашын жеңип алды.

Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмакта грек-рим күрөшү боюнча мелдештин 1/8 финалынан баштап катышууда. Анын алгачкы атаандашы венгриялык Кристиан Кечкемети болуп, Шаршенбеков аны 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп алды.

Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдеш 10-18-сентябрда Белград шаарында өтүүдө.

Эскерте кетсек, Акжол Махмудов Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль утту.

Күрөш боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан 15 спортчу аттанган.

Связанный пост