Бишкекте балдар арасында хоккей боюнча президенттин кубогунун ачылышы өттү

 Бишкекте балдар арасында хоккей боюнча президенттин кубогунун ачылышы өттү

“Бишкек Арена” шаардык муз аянтчасында балдар жана өспүрүмдөр командалары арасында хоккей боюнча президенттин кубогу үчүн эл аралык турнирдин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен улуттук спорттун тарыхында биринчи жолу турнирге “Кыргызстандын президентинин кубогу” жогорку статусу ыйгарылды.

Ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамабетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышты.

Турнир үч жаш категориясында – 10, 13 жана 14 жаштагы балдар арасында өткөрүлөт. Катышуучулар АКШ, Румыния, Түркия, Эстония, Латвия, Өзбекстан жана Казакстандан жана Кыргызстандын аймактарынан келген спортчулардын курама командасынан турат.

Связанный пост