Бишкекте футболго байланыштуу бир катар көчөлөр жабылат

 Бишкекте футболго байланыштуу бир катар көчөлөр жабылат

Бүгүн, 30-августта КР жана КМШ ардагерлеринин футбол боюнча беттешине байланыштуу Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, саат 14:00 дөн тартып, 23:00гө чейин төмөнкү көчөлөр жабылат:

Тоголок Молдо көчөсү түндүктү карай — Чүй проспектисинен тартып, Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Фрунзе көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып, Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Кайгуул кызматы айдоочулардан жол эрежесин сактап, каттамдарын алдын ала пландап алууну суранат.

Беттеш учурунда борбор калаанын тургундарынын жана конокторунун коопсуздугун укук коргоо органдары жана кайгуул кызматы камсыздайт.

Связанный пост