Бишкек шаарындагы №35 мектепте спортзал ачылды

 Бишкек шаарындагы №35 мектепте спортзал ачылды

№35 жалпы билим берүү мектебинде спортзал ачылды

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун жана КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсаловдун катышуусунда спорт залынын ачылыш аземи болуп өттү.

Имараттын жалпы аянты 933 чачы метрди түзүп, спорт зал эки блоктон: спорт зал менен жанаша жайгашкан жай жана азыркы турган мектеп менен залды бириктирүүчү жалпы тамбурдан турат.

Спорттук зал өзүнө галерея, жуунучу бөлмөлөрүн, дааратканы камтыйт, ошондой эле 2 ийрим классы жана чечинүүчү жай да бар.

Мындан тышкары, мектепте көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү. Воркаут аянтчасы орнотулуп, чуркоо жолчосу курулду.

Мектеп 1957-жылы эксплуатацияга берилген. Мектепте спорттук залдын жоктугуна байланыштуу курулуш иштери жүргүзүлдү. Курулуш иштери үчүн «Капитал Курулуш» ЖЧК подряддык уюму менен келишим түзүлгөн.

Белгилей кетсек, спорт залы КРнын Президентинин жарлыгы менен республикалык бюджеттин эсебинен курулду.

Связанный пост