Амантур Исмаилов дүйнө чемпионатында үчүнчү орундун ээси болду

 Амантур Исмаилов дүйнө чемпионатында үчүнчү орундун ээси болду

Амантур Исмаилов Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло байгенин ээси болду.

Спортчу 67 кг салмак категорияда беттешкен.

Амантур Исмаилов 1/16 финалдан баштап алгач Венгриялык балбанды 7:9 эсебинде жеңген. Ал эми 1/8 финалда Ирандык балбанга жеңилип, кийин көңүл жубатуучу беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алган. Анда атаандашы чыкпагандыктан коло байге үчүн беттешке чыкты.

Чечүүчү 3-орун үчүн күрөштө Амантур Исмаилов Грузиялык атаандашын 18:8 эсебинде жеңип, коло байгенин ээси болду.

Связанный пост