Садыр Жапаров дүйнө чемпиону болгон Акжол Махмудовду куттуктады

 Садыр Жапаров дүйнө чемпиону болгон Акжол Махмудовду куттуктады

Президент Садыр Жапаров дүйнө чемпиону болгон Акжол Махмудовду куттуктады.

“Азаматсың Акжол баатыр! Кыргыз элине эле эмес, жалпы эле күрөш сүйүүчүлөргө кызыктуу күрөш тартуулап, таза жеңишке жетиштиң. Кыргыз эли маңдайы жарыла сүйүнүп, кубанычында чек жок. Бардыгы алкап, олимпиада алтынын күтүп жатканы жашыруун эмес. Сенин да чоң спорттогу башкы максатың ошол болсо керек. Андыктан сага бекем ден соолук, спорттук ийгилик каалайм! Бар бол, баатыр!” – деп куттуктаган өлкө башчы.

Эскерте кетсек, кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Сербияда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль утту.

Связанный пост