Дүйнө чемпионаты: Айсулуу Тыныбекова жарым финалда күрөшөт

 Дүйнө чемпионаты: Айсулуу Тыныбекова жарым финалда күрөшөт

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Сербиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты.

Тыныбекова 62 кг салмакта кыз-келиндер күрөшү боюнча чемпионаттын 1/8 финалында болгариялык Биляна Дудова менен күрөштү. Кыл чайнашкан беттеште Тыныбекова атаандашын 3:2 эсебинде утуп, чейрек финалга чыкты. Анда кыргыз кызы германиялык Луиза Нимешти 4:0 эсебинде артта калтырды.

Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдеш 10-18-сентябрда Белград шаарында өтүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль уткан.

Күрөш боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан 15 спортчу аттанган.

Связанный пост