Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 14-июлда, өлкөнүн Министрлер Кабинетинин жыйыны өттү. Жыйында 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө Министрлер Кабинетинин отчету угулду. Иш-чара Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн, Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда өттү. Видеоконференцбайланыш режимине […]Читать далее
Азык-түлүктүн баасынын көтөрүлүшү боюнча өз убагында жана пландаштырылган иштер жүрүп жатат. Россия Федерациясынан бензинди жана дизелдик отунду алымсыз ташып келүүнүн көлөмү көбөйтүлдү. Көмүргө, кумшекерге жана өсүмдүк майына бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Ун комбинаттары кошумча нарк салыгынан жана сатуудан алынуучу салыктан бошотулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Министрлер […]Читать далее
Садыр Жапаров мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин жоопкерчилигин жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда, Министрлер Кабинетинин жыйынында тапшырмаларды аткаруу тартибин сактоонун жана мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин жоопкерчилигин жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи. «Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана анын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын жетекчилигинин тапшырмаларынын саны — 5779. Алардын ичинен мөөнөтү өтүп, аткарылбай турганы — 5,2%. Бул боюнча аймактардан начар көрсөткүч Чүй облусунда катталды», — деп белгиледи Мамлекет башчысы. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда, Министрлер Кабинетинин жыйынында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин ишин сынга алды. “Акимдерге биз өтө чоң ыйгарым укуктарды бергенбиз. Бирок бүгүнкү күндө жыйынтык көрүнбөй жатат. Жергиликтүү бийлик эл менен тыгыз байланышта иштебегендиги үчүн жарандар агылып, бизге арызданып келүүдө. Ар бир жарандын маселесин терең түшүнүп, качан, кантип чечсе болорун […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда, Министрлер Кабинетинин жыйынында энергетика министри Доскул Бекмурзаевге күз-кыш мезгилине даярдыктарды күчөтүүнү тапшырды. «Азыр жайдын ортосуна келдик, көмүрлөрдү эртерээк даярдаңыз, графиктерди дагы бир жолу өзүңүз карап чыгыңыз. Биз сиздер үчүн бардык шарттарды түзүп бергенбиз, андыктан көмүргө байланыштуу эч кандай маселе жаралбашы керек», — деди Президент. Министрдин энергетика тармагындагы иштер, атап айтканда, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда, Министрлер Кабинетинин жыйынында социалдык үйлөрдү куруу маселеси боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен комплекстүү ишти күчөтүүнү мамлекеттик органдарга тапшырды. »Үстүндө үйү бар адамдын дүйнөсү түгөл» деген накыл кеп бар. Кыргызстанда жыл сайын 30 миңден 50 миңге чейин жаштар баш кошушат. Үйгө болгон муктаждык чоң. Албетте, өнүккөн өлкөлөр […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда, министрлер кабинетинин жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековго 1-ноябрга Суу жана Жер кодекстеринин жаңы редакцияларын даярдоону тапшырды. Мамлекет башчысы дүйнөдө ичүүчү суунун баркы, куну өскөнүн белгиледи. “Биз анын баркын билбей, ичип жаткан таза сууларыбыз менен кендерди иштеткенге берип келдик. Мындан ары андай болбошу керек. Суу кодекси менен Жер кодексинин жаңы […]Читать далее
Фискалдаштыруу боюнча эффективдүү иштер жүрүп жатат, анын негизги максаты көмүскө экономиканы кыскартуу, салыктык кирешелердин реалдуу көлөмүн ачыкка чыгаруу жана “ак ниетсиз” ишкерлерди табуу. 2022-жылдын 27-июнуна карата 50 307 контролдук-кассалык машина катталган, бул 2021-жылга салыштырмалуу 2,4 эсеге көп. Ошол эле учурда алардын саны көбөйгөнүнө карабастан, биз Евразиялык экономикалык биримдиктин башка өлкөлөрүнөн дээрлик 4,5 эсе артта калуудабыз. […]Читать далее
Кыргызстанда 245 авариялык мектеп бар, 110у оңдолду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына арналган министрлер кабинетинин жыйынында. Анын айтуусуна караганда, 219 миң 704 аз камсыз үй-бүлө бар, 710 миңден ашык пенсионер, 113 миң 884 жакыр жашаган бүлө бар. “Жыл сайын 10 миңдей жаңы кошумча окуучулук орунга […]Читать далее
«Коррупцияны, контрабанданы жоюунун бирден-бир жолу — баарын автоматташтыруу, адам факторлорун максималдуу кыскартуу», — деп белгиледи президент Садыр Жапаров 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына арналган министрлер кабинетинин жыйынында. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматын угуп, мамлекет башчысы салык жана бажы кызматтарынын IT инфраструктурасын өркүндөтүү […]Читать далее