Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Министрлер Кабинетинин жыйыны өттү

 Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Министрлер Кабинетинин жыйыны өттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 14-июлда, өлкөнүн Министрлер Кабинетинин жыйыны өттү.

Жыйында 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө Министрлер Кабинетинин отчету угулду.
Иш-чара Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн, Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда өттү.
Видеоконференцбайланыш режимине өлкөнүн башка шаарларынын мэрлери жана облустардын акимдери да катышты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков, каржы министри Алмаз Бакетаев, энергетика министри Доскул Бекмурзаев, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана башкалар баяндама жасашты.

Жыйындын жыйынтыгында Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнө, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерине бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Связанный пост