2024-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Франциядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Садык Шер-Нияз Франциянын Президентинин Дипломатиялык кеңешчиси Бертран Бушвальтер менен жолугушту. Жолугушууда кыргыз-француз эки тараптуу кызматташуусунун кеңири чөйрөсү талкуулады. 2024-жылы жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу аркылуу саясий диалогду кеңейтүүгө эки тараптын тең даярдыгы ырасталган. Өзгөчө көңүл 2023-жылдын 10-ноябрындагы Кыргызстан менен Франциянын президенттеринин […]Читать далее
Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз Франциянын Улуттук Ассамблеясындагы «Франция-Борбор Азия» депутаттык достук тобунун жетекчиси Натали Серре менен жолугушту. ТИМден билдиришкендей, жолугушууда кыргыз-француз парламенттер аралык кызматташтыгын өнүктүрүү маселеси талкууланды. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө элчи Садык Шер-Нияз Кыргызстандагы маанилүү саясий өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берип, Кыргызстан ар дайым демократиялык принциптерге, анын ичинде сөз эркиндигине умтулган мамлекет болуп келгенин […]Читать далее
Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин Газа тилкесиндеги ок атышууну токтотуу жөнүндө 2024-жылдын 25-мартында кабыл алынган резолюциясын кубаттайт жана бул чечим жакын арада ишке ашырылышына ишеним артат. КР ТИМден билдиришкендей, Кыргыз Республикасы дүйнөлүк коомчулуктун, биринчи кезекте БУУнун Коопсуздук кеңешинин күч-аракеттерин бириктирүүнү, согуш аракеттерин мүмкүн болушунча тез арада толук токтотууну жана Газа тилкесиндеги гуманитардык кризисти […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун дарегине чет мамлекеттердин өкмөт башчыларынан куттуктоолор келип түштү. Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Али Асадов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровду жана Кыргыз Республикасынын элин Нооруз майрамы менен куттуктады. «Нооруз майрамына карата менин чын жүрөктөн куттуктоолорумду жана жакшы каалоолорумду кабыл алыңыз. Бул жаркын майрам элдерибиздин […]Читать далее
Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев башка өлкөлөрдүн лидерлеринин ичинен биринчилерден болуп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. “Табияттын ойгонгон мезгили жана жазгы жаңылануунун символу болгон “Навруз” майрамынын келиши менен Сизди жана дос кыргыз элин чын дилимден куттуктайм. “Навруздун” асыл маңызы боордош элдерибиздин миңдеген жылдар бою мамилелеринде айкын көрүнүп турат […]Читать далее
Сауд Арабия Падышалыгынын Падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауд Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана өлкө элин Нооруз майрамы менен куттуктады. “Нооруз майрамына карата, Улуу урматтуу Сизге чын жүрөктөн куттуктоо сөздөрүн жана чын ден соолук жана бакыт, ал эми Кыргызстандын өкмөтүнө жана боордош элине мындан аркы гүлдөп-өнүгүүнү каалайбыз», — деп айтылат куттуктоо катында. Сауд Арабиянын […]Читать далее
Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Жозеф Р. Байден Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. “Урматтуу Президент мырза! Америка Кошмо Штаттарынын элинин атынан Сизге жана Кыргыз Республикасынын элине Нооруз майрамын белгилеген маалда эң жакшы каалоолорумду жолдойм. Ушул жыл мезгилинде адам ойго батып, жаңылануу келип турган учурда Америка Кошмо Штаттары бул майрамды […]Читать далее
Иран Ислам Республикасынын Президенти Сейед Эбрахим Раиси Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Сейед Эбрахим Раиси Нооруз -бул байыркы салт гана эмес, тынчтыктын, ынтымактын жана жаңылануунун символу экенин, региондогу элдердин маданияты менен тарыхында бекем орун алгандыгын белгиледи. “Жазгы күн менен түндүн теңелиши жана жаратылыштын гүлдөп, жердин кубулушу менен бардык […]Читать далее
Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. “Урматтуу Садыр Нургожоевич, Сизди, ошондой эле боордош кыргыз элин элдерибиздин бай маданий-тарыхый мурасын ичине сактап келген Новруз майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Табиятка болгон чексиз сүйүүсүн чагылдырган бул майрам ар дайым адамдарды жакындатып келген. Салттардын кооздугун сактоо менен […]Читать далее
Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. “Жазгы күн менен түндүн теңелишинин – эл аралык Навруздун келиши менен Сизди жана жалпы Кыргызстан элин чоң кубаныч менен куттуктайм. Ата-бабаларыбыздын бул байыркы майрамына карата менин эң жакшы жана чын жүрөктөн чыккан каалоо-тилектеримди кабыл алууңузду өтүнөм. Миңдеген жылдар […]Читать далее