Бишкекте Кыргыз Республикасынын эл акыны, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору, профессор, котормочу, адабият таануучу, этнокультуролог Вячеслав Шаповаловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Маркум менен коштошуу иш-чарасына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманов, маданият жана илим өкүлдөрү, туугандары катышты. Вячеслав […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кара-Балта шаарындагы электр техникалык оюнчук заводунун жана килем комбинатынын өндүрүш ишканаларында болду, анын базасында инвесторлор тигүү жана текстиль фабрикасын ачууну көздөп жатат. Бакыт Төрөбаев белгилегендей, президент тарабынан зарыл болгон учурда токтоп турган өндүрүштүк ишканаларды ишке киргизүү жана кайра түзүү боюнча так миллдет коюлган. «Кезинде Кара-Балта шаары өлкөнүн өнөр […]Читать далее
Чүйдө бир нече күн мурун сууга чөгүп кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-июлда таңкы саат 6:10 чамасында өспүрүмдүн сөөгү Чүй районуна караштуу Алга айылынын сугат арыктарынын биринен жергиликтүү тургундар тарабынан табылган. Өспүрүмдүн сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүп берилген. Белгилей кетсек, 21-июлда Чоң Чүй каналына 16 […]Читать далее
Ошто “Тяньши” компаниясынын өкүлү алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, милицияга Ош шаарынын тургуну «ТИЕНС» (Тяньши) фирмасынан жабыркагандыгы тууралуу арыз менен кайрылган. Ал өз арызында аталган фирмада иштеген О.Т. аттуу жаран анын ишенимине кирип, “сиз фирмага 210 миӊ төлөп, “ 6 жылдыз” даражасын алсаӊыз, айына 23 миң […]Читать далее
Бишкекте 4 көчөнү бир тараптуу кылуу пландалууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, борбор калаанын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин башчысы Максат Нусувалиевдин төрагалыгы алдында жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча штаб болуп өттү. Штабдын мүчөлөрү Панфилов, Логвиненко көчөлөрү, Ашхабад көчөсүнүн Горькийден Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгү, Шопоков көчөсүнүн Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө бир тараптуу […]Читать далее
ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссары Кайрат Абдрахманов Ошко келди. Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Ош шаарынын эл аралык аэропортунан аны калаанын биринчи вице-мэри Марс Исаев, КРнын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Мээримбек Апышов тосуп алды. Абдрахмановдун Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында Ош шаарынын […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын 23-июлунда Чүй облусунун Кемин районунун Чым-Коргон айылында “Хан Жантай” атындагы спорт аянтчасынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул спорттук аянтча Чым-Коргон айылынын тургуну милициянын полковниги, ардагер Бабан Сыдыгалиевдин демөөрчүлүгү менен курулуп, аянтча айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилди. Ачылыш аземге Чүй облустук ички иштер органдарынын кызматкерлери, ардагерлер, Кемин райондук администрация башчысынын биринчи орун басары жана […]Читать далее
Кыргызстанда жыл башынан бери мыйзамсыз жүгүртүүдөн алты тонна баңгизат каражаттары, психотроптук заттар жана алардын прекурсорлору алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Алардын ичинен: – героин – 33 кг 092 гр; – апийим – 7 кг. 730 гр; – гашиш – 92 кг 108 гр. – марихуана – 65 кг 143 гр. – каннабистин […]Читать далее
Баткенде баасы 130 миң сомду түзгөн арыктатуучу чайды мыйзамсыз алып чыгууга бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Баткен облусундагы Кадамжай районунун Жаңы-Жер аймагында А.А.А. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Hyundai Avante үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унааны текшерүү учурунда Кытайда жасалган кандагы кантты жана салмакты түшүрүүчү чай жана КЭР жаранынын наамына таандык документтер табылган. […]Читать далее
Бишкек мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калааны иретке келтирүү жана мыйзамсыз жеңил объектилерди алуу иштерин улантууда. Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, инспекция 12-кичирайондо мыйзамсыз орнотулган «Огород» дүкөнүн демонтаждоо иштерин баштады. Мындан тышкары, Түштүк-2 кичирайонунда 5 күркө алып салынды. Ошондой эле мыйзамсыз орнотулган «Алтын-Көл» дүкөнү алынып, 55 чарчы метр муниципалдык аймак […]Читать далее