Милициянын ардагери айылына спорт аянтчасын куруп берди

 Милициянын ардагери айылына спорт аянтчасын куруп берди

Үстүбүздөгү жылдын 23-июлунда Чүй облусунун Кемин районунун Чым-Коргон айылында “Хан Жантай” атындагы спорт аянтчасынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул спорттук аянтча Чым-Коргон айылынын тургуну милициянын полковниги, ардагер Бабан Сыдыгалиевдин демөөрчүлүгү менен курулуп, аянтча айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилди. Ачылыш аземге Чүй облустук ички иштер органдарынын кызматкерлери, ардагерлер, Кемин райондук администрация башчысынын биринчи орун басары жана айыл тургундары катышышты.

Тактай кетсек, ардагер бул аянтчаны курууга 5 миллион сом каражат жумшаган.

Бабан Сыдыгалиев Ички иштер органдарында 1985-жылдан тартып 2009-жылга чейин эмгектенип, катардагы милиция кызматынан баштап жетекчилик кызматтарда да эмгектенген. Панфилов жана Кемин райондук ички иштер бөлүмдөрүндө жетекчилик кызматтарды аркалап, 2009-жылы ардактуу эс алууга чыккан.

Связанный пост