ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссары Ошко келди

 ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссары Ошко келди

ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссары Кайрат Абдрахманов Ошко келди.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Ош шаарынын эл аралык аэропортунан аны калаанын биринчи вице-мэри Марс Исаев, КРнын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Мээримбек Апышов тосуп алды.

Абдрахмановдун Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жана президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугушуусу пландалууда.

Связанный пост