Ош шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленип жатат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады. Иш-чаралар эртең менен сүмөлөк жасоо фестивалы менен башталып, андан соң борбордук аянтта “Нооруз – 2023” деп аталган салтанат тартууланды. Иш-чарага КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, мекеме-ишканалардын […]Читать далее
Бишкекте 1 тонналык Ынтымак сүмөлөгү даярдалууда. Курамына 70 түрдүү даам кошулуп, облустун баардык аймагынан келген энелер азыкты 12 саат кайнатышат. Майрамдык иш чаранын алкагында, элдик ансамблдин концерттик номерлери тартууланды. Сүмөлөк даяр болгон соң балдар, карылар жана жетимдер үйүнө акысыз таркатылат.Читать далее
Ош шаарында “Курманжан-Датка” муцниципалдык аймактык башкармалыгындагы “Балажан” бала бакчасынын кошумча имараты ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Аталган бала бакчанын кошумча имараты 6,5 айдын ичинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен бүткөрүлдү. Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын аягына чейин калаада дагы үч бала бакча пайдаланууга берилери пландалууда.Читать далее
Быйыл өлкө боюнча 10 миң үй-бүлө социалдык келишимге кол коюп, кайтарымсыз 100 миң сомдон алышат. Бүгүнкү күндө жер-жерлерде катышуучулар менен финансылык сабаттуулук боюнча окутуулар башталды. Долбоор чакан жана орто бизнес кылууга багытталып,жумушсуздугу боюнча каттоого алынгандар же социалдык жактан муктаж болгондор катышат.Аталган долбоор бүткул дүйнөлүк азык-тулүк программасынын алкагында ишке ашырылып,ага 1 млрд сом бөлунгөн.Натыйжада 250 миң […]Читать далее
Кыргызстанда жумуш орундары жетиштүү, бирок жумушчулар аз. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин маалыматы боюнча өлкөдө эмгек рыногу жакшы жакка өзгөргөн жана жаңы адистиктер боюнча бош орундар көбөйгөн. Бирок кесипкөй жумушчулар жетишпейт. Андыктан ишканалар чет элдик адистерди тартууга квоталарды көбөйтүү керектигин белгилешкен. Талап кылынган адистиктерди өнүктүрүү боюнча учурда жаңы долбоор иштеп баштады. Белгилей […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуяда каза болгон Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлигинин лейтенанты Дастан Анарбековду “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде акыркы сапарга узатуу аземине катышты. Мамлекет башчысы мекен үчүн баатырларча курман болгон Дастан Анарбековдун үй-бүлөсүнө, ата-энесине жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты. Президент жолугушуу-реквиемдин катышуучуларына […]Читать далее
Турак жай кооперативине акча каражатын салууда тобокелчиликтер жогору. Учурда бир нече турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү иликтенүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, «S-Line» турак жай кооперативи жарандарга өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирип, 80ден ашуун кылмыш иши козголгон. Келтирилген материалдык чыгым 79 990 000 сомдон ашык. Аталган коммерциялык […]Читать далее
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов үстүбүздөгү жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан мерт болгон Ош облусунун тургундары менен жолукту. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, облус башчысы өзүнүн резервдик фондунан 5 жоокердин үй-бүлөсүнө 50 миң сомдон, Баткенден эвакуация болуп, учурда Ош облусунда жашап жаткан 1 […]Читать далее
Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында борбор калаанын мэринин жаңы жылдык балатысы өттү. Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров жаш бишкектиктерди келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, окууларына ийгиликтерди каалады. Балдардын жаңы жылдык «Жаңы Жылдын Жылдызы» спектаклине социалдык жактан корголбогон үй-бүлөлөрдөн, жетим, жарым жетим, көп балалуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, окуунун отличниктери […]Читать далее
Бүгүн, 23-декабрда Баткендеги чек ара коогалаңында мекен үчүн курман болгон жаш жоокерлердин портреттери расмий түрдө мамлекеттик сактоого Улуттук тарых музейине өткөрүлүп берилди. Иш-чарага КР Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Улуттук коопсуздук комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук, маданий ишмерлер жана курман болгон жоокерлердин үй-бүлөсү, жакындары […]Читать далее